Menu

Өзбекстанда баш прокурордун мурдагы орун басары камалды

Бөлүшүү:

Баш прокурордун мурдагы орун басары, юстициянын полковниги, 45 жаштагы Улугбек Суннатовго каршы кылмыш иши козголду. Аны 24-февралда үйүнөн кармашканын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына прокуратурадагы ишенимдүү булагы билдирди.

2017-жылдын этегинен бери Ташкент облусунун прокурорунун кызматын аткарган Суннатов 5-январда президент Мирзиёевдин буйругу менен “ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргендиги үчүн” кызматтан алынган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы өз булагына таянып, Суннатов 22-февралда кармалган мурдагы баш прокурор Рашид Кадыровдун ишине байланыштуу камалганын жазды. Суннатовго “бийлигинен же кызматтык укугунан аша пайдаланган” жана “пара алган” деген беренелер боюнча айып тагылганы белгилүү болду.

Суннатов ошондой эле Өзбекстандын Паралимпиада комитетинин төрагалыгынан кеткени да ачыкка чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: