Menu

Таласта дарыгер венасына бычак урулган бейтаптын жаратын басып, 8 саат бою кармап турган

Бөлүшүү:

Адатта биз кээде ачууга алдырып, ак халатчан өмүр сакчылары тууралуу ар кандай өйдө-ылдый сөздөрдү айтып калабыз. Анткен менен жаныбыз ооруганда Кудайдан кийин эле ошолорду эстейбиз. Чындыгында алардын баары эле акча үчүн Гиппократтын антын унутуп коюшпаптыр. Бул сөзүбүздү ушул жумада Талас облусунун Бакай-Ата аймактык ооруканасынын хирургу Марип Ибраимов далилдеди. Анткени ал венасына бычак урулган бейтаптын жаратын басып, 8 саат бою кармап турган. Анын бул эрдигин жергиликтүү ММКлар анчалык жазбаган менен Россиянын абройлуу “Lenta.ru” сайты чоң эрдик катары бүтүндөй КМШ аймагына жарыя кылды. М.Ибраимов Бишкектен кан тамыр хирургу Жунус Акышовдун келишин күтүп, венасы кесилген жарадардын кан тамырын сегиз саат кармап турган. Эң негизгиси бейтап аман калып отурат. Көрсө, окуя мындай болуптур, Бакай-Ата аймактык ооруканасына 21-февралда кечки саат 20:00дө бы­чак жараты менен оор абалда 30 жаштагы жаран келип түшкөн. Аны операцияга даярдашкан. Санавиация аркылуу Бишкектен кан тамыр хирургу чакыртылып, 22-февралда танкы саат 04:00дө Таласка жетип, операцияны ийгиликтүү жасаган. Хирургдун маалыматы боюнча, бейтаптын абалы учурда туруктуу. Ал мас абалында мушташып, бы­чак жеген экен. Эми мындан ары да башка дарыгерлер таластык кесиптешине окшоп кесипкөйлүгүн алдыңкы планга коюшса же бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жан дили менен кызмат кылышса, өздөрүнүн деле кадыр-баркы жогору болмок.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: