Menu

Ташкентте Бобомурод Абдуллаевдин соту 5-мартка белгиленди

Бөлүшүү:

Журналист Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаёт Насреддинов жана ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин соттук иши 5- мартта Ташкент шаардык сотунда башталат. Бул тууралуу Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочулар тобунун башчысы Сурат Икрамов билдирди.

Анын айтымында, сотто Бобомурод Абдуллаевдин кызыкчылыгын адвокат Сергей Майоров коргойт.

44 жаштагы Абдуллаев “бийликти тартып алуу жана конституциялык түзүмдү кулатуу үчүн кутумга барган” деп айыпталууда. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөөнүн маалыматы боюнча Абдуллаев Усман Хакназаров деген жашыруун ат менен бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин сайтына макалаларды даярдап турган.

Блогер жана экономика мугалими Хаетхан Насреддинов былтыр октябрда кармалган. Ал да сабак берип, банк системасы боюнча сын макалаларды жазып турган.

Ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеров 2017-жылы 29-сентябрда кармалган. Атайын кызматтын версиясы боюнча алар бийликтеги кырдаал тууралуу УККнын кызматкерлери аркылуу Абдуллаевге маалымат берип турушкан.

Буга чейин укук коргоочу Икрамов тергөө учурунда бардык шектүүлөргө карата кыйноо колдонулганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: