Menu

Майкл Роджерс: Орусия шайлоого кийлигишкени үчүн толугу менен жооп берген жок

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар өлкөдөгү шайлоо жараянына кийлигишкени үчүн Орусияга катуу жооп бергидей чараларды колдонгон жок. Бул тууралуу шейшембиде Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы, адмирал Майкл Роджерс билдирди.

Роджерс Сенат комитетинде куралдуу күчтөр боюнча угууда сөз сүйлөдү. Улуттук коопсуздук агенттигинен тышкары ал АКШнын кибераскерлеринин штабын жетектейт. Адмиралдын айтымында, ал орусиялык киберчабуулга жооп берүү үчүн бардык ресурсун жумшоодо, бирок Акүй бул каражатты өркүндөтүүнү суранган эмес. Ошондой эле орусиялык электрондук түйүндөргө сокку уруу үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берген жок.

Адмиралдын билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Акүйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс Роджерске ыйгарым укук берүүдөн эч ким баш тартпаганын белгиледи. Ал орусиялык киберчабуул президент Обаманын тушунда башталганын жана ал бул жараянды токтотуу үчүн аз эмгек жасаганын кошумчалады.

Күн мурун NBC News телекомпаниясы АКШ атайын кызматы 2016-жылдагы шайлоо учурунда орус хакерлери жети штаттагы шайлоо системаларын бузганы боюнча далил тапканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: