Menu

Көңүлгө көк талкандай тийген “Бусик”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздүн башка аймактарын айтпай эле коёлу, борбор калаабыз Бишкектеги коомдук транспорттун абалы мышык ыйлай турган эле абалда. “Бусик” деп аталган жеке менчик кичи автобустардын эскилиги менен антисанитардык абалынан да айдоочулардын оройлугу жүргүнчүлөрдүн көңүлүнө көк таштай тийип бүттү. Баарынан да жин тийгендей бири бирин кубалап жүргөн унаалар акыркы кезде аварияга көп учурап, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталууда. Элдин аларга карата нааразылыгы жогор жактагыларга да жеткен окшойт, кечээ премьер-министр С.Исаков адам өмүрүнө зыян келтирген айдоочуларды лицензиясынан ажыратуу тууралуу буйрук чыгарды. Ал эми ЖККБ 23-24-февраль күндөрү “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүп, эки күндүн ичинде 52 маршруттук таксини айып короого токтотту. Алардын бардыгынын техникалык абалы талапка жооп берген эмес. Мындан тышкары 110 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле маршруткаларды линияга коюу учурунда дагы текшерүү иштери жүргүзүлүп, көптөгөн эреже бузуулар аныкталган. Эми өкмөт ушуну менен эле чектелип калбай, жакында депутаттарга убада кылган заманбап, газ менен жүрүүчү чоң автобустарды алып келип, шаардыктарды жогорку деңгээлде тейлөөнү колго алса, транспорт тыгыны азайып, экология тазарып, кырсыктар жоюлат эле.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: