Menu

Алматы облусунда суу каптоо коркунучунан улам тургундар эвакуацияланды

Бөлүшүү:

Алматы облусунда суу каптоо коркунучу жаралып, 28-февралга оогон түнү Талгар районундагы Туздыбастау айылынын миңге жакын жашоочусу эвакуацияланып, Жамбыл районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык департаментинен кабарлашты.

Мекеменин расмий өкүлү Азамат Журтбаев Туздыбастау айылында төрт көчөдөгү 250 үйдүн жашоочусу эвакуацияланганын билдирди.

Жергиликтүү ММКлар тургундардын көбү жакындары жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылганын жазышты. Андан тышкары Талгар шаарындагы эки мектептин жана эки колледждин имаратында эвакуациялоо пункттары ачылган.

Департаменттин маалыматы боюнча, 27-февралда жамгырдан жана кардын эришинен улам Жамбыл облусунун Кайназар айылында 50, Баспан айылында 100 короо-жайды суу каптаган.

Алматы облусунда суу каптоо учурлары өткөн аптадан бери байкалууда. Бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, бул суу каналдарынын тазаланбагандыгы жана кардын тездик менен эришине байланыштуу.

Өткөн жылы жазында Казакстандын бир канча аймагында ондогон калктуу конушту суу каптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: