Маданият, маалымат министри Султан Жумагулов министр болгону катуу күпүлдөп иштеп баштады эле. Керек болсо, өзүнө жабылган чапандарды албай, белек-бечкек менен киргендерди сынга алып. Дагы бир маселерди козгоп, колунан келишинче аракет кылып жаткан. Бирок ден-соолук деген ден-соолук экен. Көрсө, Султан мырза ден-соолугунан жапа чегип, оңой эмес дарт менен алышып, жакында Түркияга барып дарыланып келиптир. Дагы да дарылануусун улантат дейт билгендер. Эмнеси болсо да Султан мырзага ден-соолук тилейбиз. Оорубасын, сакайып кетсин. Министр катары омоктуу иштерди алдыга жылдыра беришин каалайбыз!
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ