Menu

Жээнбеков Осмоновду кызматтан албаса, коррупция менен күрөшүүдө жеңишке жетишпейт

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жетекчиси Замирбек Осмонов бул кызматка келгени өзүн да, өзү жетектемиш болуп жаткан мекемени да жакшы жагынан көрсөтө алган жок. Тескерисинче, Осмонов коррупция менен күрөшмөк тургай, эмне иш кылып жатканы деле коомчулукка анчейин белгисиз болуп турат. Пре­зидент болсо, коррупцияны талкалайбыз деп катуу айтты. Осмонов ажонун айтканын уруп деле ойногон жок окшойт. Эт менен челдин ортосунда. Коррупциялык иштерди, схемаларды ачыктап, жеп-ичкендерди тузакка иле алган жок. Болбосо, Осмонов ооздуктап олтурган кызматтын күч-кудурети, мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бирок мүмкүнчүлүктөр иш жүзүндө колдонулбай, быкшыгандан быкшып эле келатат. Замирбек мырзаны бул кызматка жердеш акеси, “крышасы” Аскарбек Шадиев кезегинде Атамбаевдин кулагын ушалап, койгон болчу. Жээнбеков Осмоновду кызматтан албаса, коррупция менен күрөшүүдө жеңишке жетишпейт.

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: