Menu

Бактыбек Абдиев Мамбетовдой болуп иштей албай жатат

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн жыйынында Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба боюнча агенттиктин жетекчиси Бактыбек Абдиевди сынга алды. Баш бакан: “Бактыбек Абдиевич, жакшы иштей албай жатасыңар.

Жакшылап анализ кылып, ойлонгулачы. Силердин мекемеде эмне эле болуп жатат. Коррупция жана башка маселелер боюнча силерге нааразы болгондор көп” – деген маңызда сүйлөп, негизги маселени кабыргасынан койду. Ошондой эле, анын орун басары, Жээнбековдон “Чык эшикке!”- деп жеме уккан Алмаз Абдыкаровду кызматтан алуу боюнча маселе козгоду. Чынында Абдиев 2016-жылдын этегинен бери бул кызматта олтурганы менен олуттуу иштерин элге көрсөтө албай келет. Архитектура жагын билгени менен курулуш, коммуналдык тармакка тиши өтпөй, мокоп жа­тат окшойт. Неге дегенде, Абдиев курулушта эмес, көп жылдар бою архитектура багытында иштеди. Ал өзү жетектеп жаткан мекеме дагы эле коррупциялашкан мекемелердин сап башында турарын жакшы билбейт окшойт. Калыстык үчүн айтып коюу керек, Абдиевге чейинки жетекчи Турдубек Мамбетов жакшы иштеген, курулуш тармагындагы бир топ коррупциялык схемаларды ачыктаган. Канткен менен Мамбетовдо тажрыйба мол эле да. Жаңы ачылыш жасап жибере албаган Абдиев жок дегенде, Мамбетовдун жакшы иштерин да уланта албады. Бул темп менен жүрүп олтурса, коррупцияны дагы күчөтөт го…

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: