Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна эки тез жардам унаасын бекер тартуулады. Унаалар Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чектешкен аймагындагы Өзбекстандын Вадил чек ара өткөрмө бекети менен Кыргызстандын Кадамжай автоунаа көзөмөлдөп өткөрүү бекетинин жанында салтанаттуу түрдө ээлерине тапшырылды.
Бул иш чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Шухрат Ганиев баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Айтмакчы, тез жардам автоунааларынын бири Баткен шаарынын калкын тейлөө үчүн берилсе, экинчиси Кадамжай районунун Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ыйгарылды.
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ