Menu

Эркин басма сөздүн эрлери

Бөлүшүү:

Алгач өзүм жана кыргыз басма сөз тарыхы тууралуу азгантай кеп.

Илим менен техника, маалымат каражаттары дүркүрөп өнүккөн 1960-жылдары мен туулуп өскөн жана окуган айылдарда телевизор эмес, асма  радио да жок болчу. Ошондонбу, айтор, бала күнүмдөн тартып басма сөзгө, гезит менен журналдарга (албетте, кыргыз тилиндеги) өч болуп, калтырбай, үзбөй окучумун. 8-10-класстарда окуганда өзүмдүн да алгачкы кабар-макалаларым райондук “Күжүрмөн эмгек” газетасы менен республикалык “Кыргызстан пионерине”, “Ленинчил жашка” жарыяланды. 1970-жылы Улуттук университетибиздин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты  бөлүмүнө өттүм. Анда журналистика адистиги жок болчу (мурдараак жоюлуп кеткен экен). Мыкты (“5” ке) окудум, 2-курста “Очеркист чалгындан кайтканда” аттуу сын-макалам “Ленинчил жашка” 2 бетке, андан соң “Очерк – майда жанр эмес” деген чоң макалам “Ала Тоо” журналына жарыяланып, адабий чөйрөдө жаңылык катары кабыл алынды, атүгүл ошол кездеги атактуу сынчылар С.Жигитов, К.Асаналиев, Т.Аскаров, А.Токтогуловдун мактоосуна арзыды. Анткени бул макалалар – кыргыз    журналистикасы менен адабиятынын аштоосунда турган, экөөнө тең таандык болгон өзгөчө жанрды иликтеп, талдаган алгачкы эмгектер болчу.

Андан кийин баш отум менен проза, айрыкча романдарды жана поэзияны талдап – сындоого өтүп кеттим, бирок журналистиканы таптакыр таштап салган жокмун (дегеле адабий – көркөм сындын өзү журналистиканын бир түрү, тармагы эмеспи), маал-маалы менен өзүм да публицистика, очерк жазып турдум, бир сапар Москвада (анда аспирантурада окучумун) СССР жазуучулар союзунун  кыргыз адабияты боюнча советинде публицистиканын абалы жөнүндө баяндама жасадым (анын кыскартылган түрү “Советская Киргизия” газетасында жарыяланган).

Москвада окуган жылдарым (1976-1981) мен үчүн өтө чоң олжо болгон. Анткени Совет доорунда аттары өчүрүлгөн, чыгармаларын окууга тыюу салынган Молдо Кылыч, Касым Тыныстанов жана башкалардын мурасын изилдейин деп Москванын атайын архивдериндеги 1920-1930-жылдарда араб жана латын арибинде басылган китептерди “Эркин Тоо”, “Ленинчил жаш”, “Кызыл Кыргызстан” гезиттерин, “Коммунист”, “Жаңы маданият жолунда”, “ Чабуул” журналдарын баштан аяк карап, керектүү материалдардын библиографиясын түзүп, аларды окуп-талдап чыккам. Ал материалдар өздүк архивимде дале бар, ал эми илимий изилдөөм кезегинде Москвада кандидаттык диссертация катары корголуп, докторлук даражага арзыйт деген баа алган. Аны мен кийин “Кыргыз адабиятынын аз изилденген булактары” деп аталган китеп түрүндө орус жана кыргыз тилдеринде чыгардым.

Горбачевдун кайра куруу, демократташтыруу доору башталган 1985-1987-жылдары түздөн-түз журналисттик чөйрөдө – “Кыргызстан маданияты” газетасында  редактордун орун басары болуп иштеп, айкындыкты, ачык маалымдуулукту күчөтүүгө, элибиздин тилин, тарыхын, адабий мурасын, тыюу салынып, же жемеге түшүп келген чыгармаларды кайра калыбына келтирүүгө колдон келишинче жан үрөдүк.  Натыйжада газетанын нускасы 40 миңден 90 миңге жетти. Ал ишке маркум жана азыркы мыкты акын, жазуучу, журналист С.Наматбаев ( редактор болчу), К.Ашымбаев, Э.Эрматов, А.Токтомушев, С.Раев жана башкалар баалуу салым кошушту.

1988-жылы илимдер академиясында алгачкы ирет атаандаштык шайлоолор болуп, тил жана адабият институтуна директорлукка дайындалдым. Үч жылдан соң, 1991-жылы январда  Жогорку Кеңеш (анда өзүм да депутат элем), жашыруун добуш менен мени республиканын басма сөз жана маалымат министрлигине (алгачкы жана акыркы) бекитти. Мурда мамлекеттик комитет деп аталчу. Дал ошондо мага демократия жана нарк экономикасы жөнүндө көп окууга туура келди, анткени буларсыз накта басма сөз, китеп иши эркиндик болбойт эмеспи. Тажрыйба алыш үчүн Россияга жана Казахстанга барып, буларда биздикиндей министрлик мурдараак түзүлгөн болчу,

М.Полторанин (ал мурда “Московская правданын” редактору эле, К.Султанов (ал күнү бүгүнчө Казахстандын парламентинин бирде депутаты, бирде сенатору болуп жүрөт)) менен таанышып, алардан басма сөз жөнүндөгү мыйзамдарды алып келдим. Ошолорду эске алып жана дүйнөлүк тажрыйбага таянып, биз дагы басма сөз жана маалымат каражаттары жөнүндөгү өзүбүздүн мыйзам долбоорубузду даярдадык. Ал мыйзам долбоору бир жылдан соң мен республиканын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп турганда кабыл алынды. Ал Жогорку Кеңеште тийешелүү комиссиянын төрагасы, атактуу жазуучу жана журналист Мар Байжиев (ал көп жыл борбордук  “Литературная газетанын” Кыргызстандагы атайын кабарчысы болуп иштеген) өткөрдүк.

Мен ошондо Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, бир нерсени так белгилеген элем: өнүккөн өлкөлөрдө, укуктук, демократиялык мамлекеттерде басма сөзгө эч кандай чектөө (цензура) жана өкмөттүк газета, радио, теле болбойт, эгер болсо расмий документтерди (мыйзам, жарлык, токтом, тескемелерди) гана жарыялап, аларды укуктук жактан чечмелейт (комментарий берет), бирок саясатка аралашпайт, бийликти мактап, оппозицияны каралабайт. Тилекке каршы бизде анча-мынча өзгөрүү болгону менен баары мурдагыдай кала берди, атүгүл бюджеттен каржыланган бийликчил телеканалдар көбөйдү. Мунун каршысы, аргасы, албетте эркин жана көз карандысыз басма сөз, башка маалымат каражаттары. Ошондуктан эми ушул темага өтөйүн.

хх

Менин билишимче, кыргыздар арасындагы алгачкы эркин гезит баракча кейпинде, “Мүрөк” деп аталып, 1990-жылы Москвада басылган. Аны билими, кесиби боюнча физик, демократиялык жолго эрте аттанган, азыркы көрүнүктүү журналист Нарын Айып чыгарган. Ал эми Кыргызстандын өзүндөгү туңгуч эркин гезит да ошол эле жылы “Майдан” деген аталышта (редактору маркум, аша таланттуу жазуучу, котормочу, акын жана сынчы А.Токтогулов болчу) чыгып, “Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын” (КДК) органы катары саналган, элибиздин эгемендүүлүккө чыгышына, демократиялык жолго түшүшүнө үндөгөн курч макалаларды, ырларды жана маектерди жарыялаган бул газета, тилекке каршы, каржынын жетишсиздигинен тез эле чыкпай калды. Анын ордуна 1991-жылы, мен басма сөз жана маалымат министри болуп турганымда, нагыз эркин кесиптик денгээли бийик гезиттердин жоон тобу пайда болду. Алар мурдагы “Ленинчил жаш”, “Жаштык жарчысынын” негизинде кайра уюштурулган. “Асаба” (редактору М.Эшимканов), “Комсомолец Киргизии” газетасынан бөлүнүп чыккан “Республика” (редактору З.Сыдыкова), жаңыдан уюштурулган “Аалам” (редактору Ч.Абыкеев) жана Т.Козубеков экөөбүздүн (ал менин биринчи орун басарым эле) демилгебиз жана жардамыбыз менен чыккан “Кыргыз руху” (редактору С.Раев) болчу.

Акыркы гезитти уюштурган себебибиз – каржы, мамлекеттик колдоо болбогондуктан, “Кыргызстан маданияты” чыкпай калып, биз анын ордун жоготпойлу деген элек.  Ал учурда маалымат каражаттарын каттоо жана аларга лицензия берүү укугу биздин министрликке берилгендиктен, аларды биз каттаганбыз. Андай укук кийин, министрлик жоюлганда Адилет министрлигине өттү. Ошондо З.Сыдыкованын – мен аны (“Комсомолец Киргизии” газетасында иштечү экен) мурда таанычу эмесмин, айтканы жадымда: “мени окелер, жекелер өгөйлөп, жакшы иштетпей жүрөт. Жаңы газета ачайын деп жатам, жардам берип, каттоодон өткөрсөңүздөр”.

Дал ушул гезиттердин редакторлорун биздин эркин басма сөздүн аталары, ал эми З.Сыдыкованы энеси деп атасак жөндүү болот. Албетте,  алардын гезиттери өздөрү сыяктанып, ар кандай мүнөздө, ар башка мазмунда, ар түрдүү форматта жана стилде чыгып жатты. Булардын  ичинен маркум М.Эшимканов менен З.Сыдыкованын орду өзгөчө айырмаланып турат.

Бейиши болгур Мелис Эшимканов шаарда өсүп-чоңойуп, жакшы билим алып, өтө тапан, тапкыч, сөзмөр, ийкем жана уюштургуч (менеджер) эмес беле. Анын жетекчилигинде “Асаба” гүлдөп, кыргыз окурмандарынын арасында эң кеңири тараган, көп кызыгуу туудурган газета болду. Анын себеби газетанын мазмунунун, ар түрдүүлүгүндө, жакшы менен жаманды, оң менен солду, бийлик менен оппозицияны бирдей чагылдырганында, тили менен стилинин жатык жана жетик экенинде, кооздолуп-көркөмдөлүшүнүн (дизайн) көңүл бурарлыгында, авторлорунун көптүгүндө эле. Дагы бир жаңылыгы – кыргыз гезитинин ичинен саясий ушак-айындарды (“Чокчолой баатыр”), аял-эркек мамилелеринин купуя жактарын биринчи болуп жарыялашы, акыркы маселеге арнап “Пайшамба” аттуу атайын гезит-тиркеме чыгарышы карапайым калкка жакты. Акырында айтчу сапаты – кызматкерлердин ичинде таланттуу акын-жазуучулар, журналисттер (А.Токтомушев, К.Иманалиев, Ш.Дуйшеев, М.Сабыров сыяктуу) бар болчу. “Асабанын” атын чыгарууда, кызыктуулугун арттырууда айрыкча ыраматылык Алым Токтомушев чон салым кошконун унутуу жарабайт. Тагдыры татаал, өмүрлүк жары Шербет Келдибековага окшоп (ал да эрте кетти) жүрөгү назик, дили таза, нукура акын Алым (мен экөө тең менен кезегинде “Кыргызстан маданиятында” чогуу иштешкем) кырды-бычак саясат менен чиеленишкен экономиканын табиятын так түшүнүп ушул багытта такай сереп салып, “Жол бүгүн” деген макалалар түзүмүн үзбөй жарыялап жүрдү. Ошол эле мезгилде, ал терең билимди, чоң маданиятты талап кылган интеллектуалдык маектерди алчу. Буга эң сонун далилдер – даанышман эки дос С.Жигитов жана И.Абдразаков менен маектери.

М.Эшимкановдун өзүнө кайрылсак, ал бирде мактап, бирде боктоп, ичи-коюнга кирип, шайтан менен болсо да тил табышчу. Ушул өңүттө анын Т.Усубалиев, А.Масалиев, А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев менен оош-кыйыш мамилелерин эстөө жетиштүү. Айталы, ал А.Акаевге жакын болуп, аны менен чет өлкөлөргө көп барып К.Иманалиев экөө элден мурда жалаң мактоолордон турган “Аскар Акаев” аттуу алгачкы китепти (1993) 100 миң нускада өз редакциясы аркылуу чыгарган: мурда-кийин Кыргызстанга ушунча сандагы китеп чыга элек! Акыр жагында А.Акаевге каршы чыгып, 2005-жылы 24-мартта А.Атамбаев менен бирге Көк-Жар кичи районунда чогулган демонстранттар колоннасын Ак үйгө баштап келген. К.Бакиевге каршы 2006-2007-жылдардагы митингдердин башкы алып баруучусу болуп, соңунда Максим Бакиев менен достошуп, КТРге башкы директорлукка дайындалды, К.Карабеков экөө Жогорку  Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таралышына демилгечи болушту. Ал мени менен да ушундай мамиледе жүрдү: кээде сындап, кээде жамандап, көп учурда мактап калчу, жолугушуп турчубуз, газетасынан дайыма орун берчү. Айрыкча ыраазы болуп, эстеп жүргөнүм – 1995-жылы – Лейлекте өткөн оор шайлоо жөнүндө жазылган “Ачык суроолорго – ачык жооптор” деген көлөмдүү макаламды газетасынын төрт санына чыпчырчасын коротпой, бир беттен кылып жарыялаганы.

Өкүнүчтүү нерсе – М. Эшимканов о дүйнөгө эрте кетти. Ошол себептен негиздеген гезитинин тагдыры да аянычтуу бүттү: жолун уланткан иниси А.Эшимканов “Баягы Асаба” шакирти, А.Сакыбаева “Жаңы Асаба”, “ Агым” аттуу гезиттерди уюштурушту, бирок алар да азыр чыкпай калды.

Ушундай эле абалга “Аалам” менен “ Кыргыз руху” туш болду. Бул эки гезиттин туңгуч редакторлору Чолпонбек Абыкеев менен Султан Раев – талантуу инсандар. Биринчисинин  “Бриллиант жылан” деген аты да, заты да кызыктуу жаңычыл романы убагында карапайым окурмандардын зор кызыгуусун туудурган. Экинчиси С.Раев – ар тараптуу талантка эгедер: мыкты журналист, кара сөздүн жана драматургиянын устасы. Анын чыгармалары чет тилдерге которулуп, Лондондун жана башка шаарлардын театрларында ийгилик менен коюлуп келатат. Экөө газеталарын жетектеп турганда иш кызуу жүргөн, көптөгөн окурмандардын назарына арзыган. Кийин экөө тең М.Эшимкановго окшоп, саясатка, мамлекеттик кызматка аралашканда колдон колго менчикке өттү, акыры жабылып тынды.

Бирок, бактыга жараша, “Кыргыз рухунун” жолун улантып, рухун сактап калган Бекен Назаралиев болду. Ал дагы көп кырдуу талантка ээ. Адегенде С. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, ошол адистиги боюнча тажрыйба топтоду, 1991-жылы биз “Кыргыз рухун” уюштурганда С.Раевдин орун басары болду. Б.Назаралиевдин башка журналисттерден (ал, бул кесип боюнча билимди улуттук университеттен сырттан алган) айырмасы сөз менен сүрөттү айкалыштыра билет, коллаж тартуу жагынан жакшы чебер. Эгер С.Раев жумшак, ишенчээк, интеллигент мүнөзгө ээ болсо, Б.Назаралиев анын карама-каршысы: батыл, тартынбас, өжөр. Ошол себептен кан төгүлүп жаткан Чеченстанга жана Тажикистанга барып, А.Масхадов, З.Яндарбиев, Ш.Басаев, М.Удугов, тажик бириккен оппозициясынын башчысы Абдулла Нури менен жолугуп, маек курган жана акыркынын тил катын алып, Кара-Тегин өрөөнүндө жашырынып жүргөн Жума Наманганиге тапшырган, кийин Баткенге келген жоочулардын башчылары менен да кездешкен. Ушул жагынан караганда Б.Назаралиев – согуш майданында коркпой жүргөн жападан жалгыз кыргыз журналисти десек болот. Бул анын журналисттик кесипти чындап сүйөөрүн, ачык кесипкөй экенин күбөлөйт. Ушул сапатын (батылдык, тайманбастык, өжөрлүгүн)  ал мамлекеттик ишмерлерди иликтеп-сындаган макала, маектеринде да көрсөттү. Мындан улам, А.Акаевдин убагында кысымга, куугунтукка алынып, редакциялаган “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” газеталары жабылып жатты. “Жаңы Ордо” аталган акыркы газетасы, кудайга шүгүр, он жылдан бери үзүлбөй чыгып келе жатат.

Албетте, пенде, кесипкөй катары жактырган жана жактырбаган мамлекет жетекчилери, саясатчылары бар. Маселен, А.Масалиевге, К.Бакиевге, А.Мадумаровго жан тартканы, А.Акаевге, А.Атамбаевге, Ө.Текебаевге каршы экени белгилүү. Бирок ал чыныгы журналист катары андай бир беткейликтен өйдө чыгып, жаман көргөн адамдарын да баалай, урматтай билет. Мунун айкын далили Москвага атайын учуп барып,

А.Акаев менен узун маек кылганы жана өзүнүн газетасында такай жамандалып келген Ө.Текебаевди камакка алынган соң “Өткөн жылдын мыкты саясатчысы” деп жарыялашы. Бул анын журналисттик калыстыгынын, адамгерчилигинин белгиси. Бирок, бул эр азаматтардан өткөн көк жал, өз көз карашы менен позициясын бек сактаган, кандай кыйынчылык болсо да, негиздеген газетасын жабууга жол бербеген дагы бир журналист бар. Ал – “Республика” газетасынын редактору Замира Сыдыкова. Анын  газетасы кандайча уюштурулуп, кантип катталганын жогоруда айттым. Уюштуруу, басылыш жагынан кошумчаларым бул.

1992-жылы мен республиканын социалдык маселерди тейлеген вице-премьер -министри болуп дайындалдым. Ошондо З.Сыдыкова бир эки жолу тызылдап, телефон чалып, жумушка да келип: “Учкун” басмаканасы гезитимди чыгарбай жатат, бул эмне деген кеп, жардам бербейсизби?” – деди. Мен аны өзүмдүн кызматтык машинама салып, “Учкунга” барып, газетасын чыгарткам. Газетасынын бир жылдыгын “Соң-Көл” кафесинде (азыр ресторан болуп калбадыбы) өткөргөндө чакыруусу боюнча айрым депутаттар, коомдук ишмерлер жана журналисттер менен бирге катышкам, ошондо ата-энесин, тууган-жакындарын алгач көргөм.

Бул кабар Ак үйгө жетип, М.Акаева: “Сиз ким менен жүргөндү, бийлегенди билбейсизби, дайыма оппозицияны колдойсуз, Мелис Эшимканов менен Замира Сыдыкованын артында турасыз”,- деп жемелеген жана мындай сөздөрдү ал кийин да көп ирет айткан. Ушул жана башка себептер менен мен М.Акаева менен эч убакта жакшы мамиледе болбогом (бекеринен ал “ Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китебинде мени жамандаган эмес, ал эми А.Акаев менен мамлекет үчүн кызматташкам (көбүнчө колдоп, кээде каяша, кайчы пикир айтып).

З.Сыдыкова газетасында мени сындаган учурлар да болду, бирок ага териккеним жок: зарыл көрсөм жооп берип, антпесем тек сыйлап, урматтап көтөрүп койдум. Ошто областтын акими болуп турганымда аны кабыл алып, сый көрсөтүп, референдум өтүп жаткан учасктокторго (1994-жыл, 30-октябрь) өзүм алып барып көрсөттүм.

Тилекке каршы, З.Сыдыкованын башына оор мүшкүл түшүп, газетасы куугунтукталып, өзүнө Д.Сарыгуловдун арызы боюнча  кылмыш иш  козголуп, соттолгондо ичимден кейип, бул ишти туура  көрбөсөм да ачык үн ката алганым жок. Муну калыстык, адилеттүүлүк, тарых үчүн айтуум парз. Бирок кийин 50 жашка чыкканымда оппозиячыл саясатчылардын жана журналистердин катарында мамлекеттик резиденцияга чакыргам. Дегеле экөөбүздүн мамилебиз түз, ага себепкер – демократияга берилгендигибиз, эркин, көз карандысыз басма сөздү колдогонубуз. Мунун кошумча  далилдери  – ал мага тапшырган “Республика” газетасынын редколлегиясынын ардактуу мүчөсү” деген эки күбөлүк жана дарегиме жакшы сөздөрү өз колу менен жазылган “Кыргызча демократиянын көшөгө аркасында” (1997), “Күтүүлөр жана жоготуулар жылдары” (2003) аттуу орусча чыккан китептери. Бул китептерге анын 1993-2003- жылдар аралыгында жазган жана жарыялаган макалалары топтолгон, айрыкча баалуусу – акыркысына алтын, “Кумтөр” чырына байланыштуу депутаттык комиссиянын 1993-жылкы документтери кирген.

А.Акаевдин  бийлигине З.Сыдыкова калеми, газетасы аркылуу гана каршы күрөшпөстөн, М.Эшимкановго окшоп 2005-жылы 24-марттагы демонстранттардын алдыңкы сабында болду, К.Бакиевдин бийлигинин тушунда Америкадагы элчибиздин кызматын аткарды. Экинчи бир курч – тилдүү оппозиционер – журналист, “МСН” газетасынын жооптуу кызматкери Р.Приживойт Австрия жана ОБСЕдеги элчилигибизди жетектеди. 2010-жылкы окуялардан соң З.Сыдыкова кайрадан өзүнүн газетасын чыгарууда. Ал дале болсо күчүндө, кайратында. Ылайым ошондой эле болсун, анткени З.Сыдыковасыз кыргыз басма сөзүн, анын  эркин багытын элестетүү мүмкүн эмес. Бул жагынан З.Сыдыкованын ишенген бир тууган сиңдиси, пикирлеш, кээде каршылаш кесиптеши – Бермет Букашева бар. Ал дагы убагында көп жыл бою “Жүздөр” (“Лица”) деп аталган өзүнчө газета чыгарып жүрдү. Азыр турмуштун айынан Америкада жашоодо. Ошол жакта жүрүп 2005-2010-жылдардагы окуялар тууралуу “Мира” аттуу саясий роман жазып, орус жана англис тилдеринде чыгарды. Бул – кыргыз журналистикасы жана адабияты үчүн өзгөчө окуя, жакшы саамалык.

З.Сыдыкова сыяктанып А.Акаевдин заманында ыдык көрүп, камалып, К.Бакиевди жана анын бийлигин мактап-жактап, – 2010-жылдан кийин Убактылуу Өкмөткө, экс-президенттер Р.Отунбаева менен А.Атамбаевге каршы курч макалаларды, китептерди чыгарып жүргөн Ырысбек Өмүрзаков дагы белгилүү журналисттерден. Ал орус тилиндеги “Трибуна” аттуу газета уюштурду, “ 7- апрель жана түштүк коогалаңы – 2010 журналисттин көзү менен “ (2013), “ Президенттин тагдыры” (К. Бакиев жөнүндө орус тилинде, 2016), “Кыргызстандын президенттери” (2017) деген китептерди басып чыгарды. Ы.Өмүрзаковтун өз көз-карашын айтууга, аны фактылар, документтер жана күбөлөр аркылуу ырастоого жасаган далалаттары көңүл бөлүүгө арзыйт, бирок ал бир беткей мамилеге (жактырган К.Бакиевин ашыра мактап, калган президенттерди биротоло каралап) жол берет. Бул болсо журналисттик калыстыкка (обьективдүүлүк) жатпайт. Анын үстүнө газетасында материалдарды белгилүү бир иретте жайгаштырууга, көркөмдөп жасалгалоого, тил жана стиль жактан шөкөттөөгө жетишерлик маани бербейт. Мындай кем-карчтар анын китептеринен да таасын байкалат. Мен бул мүчүлүштүктөрдү чын пейилим, жакшы ниетим менен белгилеп жатам, анткени Ы.Өмүрзаков айрым басма же сатылма журналисттерден айырмаланып, өз көз карашы, бекем ишеними үчүн күрөшкөн, ал үчүн кыйынчылыктарды муюбай көтөргөн адам. Нукура журналист ушундай болууга тийиш. Мунун улуу үлгүлөрүн убагында Э.Золя (залкар жазуучу ак жеринен соттолгон Дрейфус жөнүндө бийликти, адилетсиз сотту айыптаган атактуу макалаларын жазган), Э.Киш, Д.Оруэлл, Ю. учик көрсөткөн.

Демократияга жана нарк экономикасына умтулган Кыргызстанда эмне көп – гезит көп. Эгемендүүлүк жылдары эмне деген гана гезиттер чыккан жок. Эсимде калгандары: “Агым”, “Айгай”, “Алиби”, “Апта”, “Асман” “Жаңырык апта”, “ Политклиника”, “ Учкун”, “МСН”, ”Мегаполис” жана башкалар. Акыркы он жылда “Ачык саясат”, “Азия- ньюс”, “Де-факто”, “Жаңы ордо”, “Фабула” (мурда “ Форум” деп аталчу), “Майдан” газеталары үзүлбөй чыгууда. Мен аларды калтырбай окуйм, иштерине ийгилик каалайм. Булардын ичинен соңку жылдары “Де-факто” менен “Фабула” мага көп тийишет, болгон да, болбогон да нерселерди  жабыштырат, бирок сөз жана басма сөз эркиндигин сыйлаган, өзүм жазган жана басма сөз мыйзамынын долбоорун даярдаган адам катары башкаларга окшоп аларды сотко берип, олчойгон айып пулга жыкпайм. Сындаган гезиттерди мурдатан эле ошентип келатам.

Эркин гезиттердин эрте жабылышынын эки себеби бар. Биринчиси, башкысы – нарк экономикасынын шартындагы атаандаштык каржылык камсыздоону жана окурманды өзүнө тарткан мазмундуулукту, кызыктуулукту талап кылат. Анан калса биздеги көп гезиттер убактылуу кызыкчылыкты – шайлоо маалын көздөйт, аларды саясатчылар менен ишкерлер чыгарат же жалдайт. Ушундан улам бакма сатылма, жалданма газеталар жана журналисттер пайда болот. Ушул  үч жагдай жоголгондо гезит да, анын ээси да, редактору да жок болот.

Экинчи, айрыкча маанилүү себеп – мыйзамга жана чоң саясатка байланыштуу. Эгерде чындап мыйзам бузсаң, адамдын, чоң саясатчылардын, мамлекет, өкмөт башчыларынын, ири атка минерлердин беделине, кадырына доо кетирсең алар сотко берет, чоң айып пул салат же каматат, атүгүл К.Бакиевдин убагындагыдай өлтүрүп (А.Ташиев, Г.Павлюк сыяктуу) же сабатып (С.Абдылдаевдин тагдырын эстейли) салат, кысымга же айып пулга чыдабагандар чет өлкөгө чыгып кетет (Ч.Орозбекова, Ж.Эдигеев, А.Айтикеев, У.Ботобеков).

Мени өкүндүргөнү –  А. Атамбаев президент болуп турганда журналисттерди А.Акаев заманындагыдай каматуу, К.Бакиев мезгилиндегидей өлтүрүү же сабатуу болбосо да олчойгон, эч жерде кездешпеген өлчөмдө айып пул салуу (миллиондогон сом) күчөдү. Мунун башында А.Атамбаевдин өзү үлгү көрсөткөнү айрыкча кейиштүү. Натыйжада Д.Орунбеков, У.Ботобеков, Нарын Айып, К.Карабеков өңдүү белгилүү журналист калемгерлер анчалык акчаны төлөй албай  азап тартууда. Ушул мааниде Американы салыштырып көрөлү: басма сөз мурдакы атактуу президент Ф.Рузвельтти кандай гана тебелеп-тепсебеген, экинчи бир президенти Р.Никсонду “Уотергейт” иши үчүн сындап, ашкерелеп  акыры кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө салым кошкон, азыркы президенти Д.Трампты көрдөн алып жерге салып жатканын өз көзүбүз менен көрүп, угуп жатабыз. Демократиялык өлкөлөрдө саясатчы, мамлекеттик ишмер ар кандай сынга, жемеге чыдайм деп кызматка келет.

Бул жагынан жаңыдан кызматка киришкен президент С.Жээнбековдун “24 kg “ маалыматтык агенттигине салынган 5 млн. сомдук доо айыптан баш кечкени жакшылыктан жышаана деп жоромол кылгым келет. Эми ал К.Карабековго тартылган 5 млн. сомдон да баш тартса азаматтык кылган, өрнөк көрсөткөн болор эле.

Бул макала эркин басма сөзгө арналгандыктан расмий басма сөз, “Азаттык”, кыргыз радиосу менен телекөрсөтүүсү жөнүндө ой бөлүшүүгө чоло болбоду. Албетте, ал маалыматтар каражаттарында да көзгө урунарлык оң көрүнүштөр, мыкты адистер, таланттуу журналисттер бар. Айрыкча Азамат Алтай менен

Төлөмүш Жакыпов  түптөгөн, алардын жолун Аким Өзгөн уланткан “Азаттык” радиосунда эгемендүүлүк жылдары иштеген Т.Чоротегин, Н.Айып,

Э.Нурушев, К.Молдокасымов, Б.Шамшиев жана башкалардын элге туура, ар түрдүү мазмундагы маалыматтарды жеткирүүдө, демократияны өнүктүрүүдө салымы чоң болгонун белгилегим келет.

Булардын ичинен Эсенбай Нурушев мурда эле, Совет доорунда терең ойлору, курч, таамай макалалары аркылуу элге кеңири белгилүү болчу. Анын көз кырысыз, редакторлук калемисиз “Советтик Кыргызстан” газетасы чыкчу эмес. Кезегинде М. Шеримкулов (Жогорку Кеңештин төрагасы) экөөбүз Э.Нурушевди “Эркин Тоого” редактор кылалы дегенде А.Акаев көнбөй койгон. Талантуу адам жерде  калчу беле: ал “Азатыкка” иштеп кеткен. Андан кайтып келгенден бери деле оозунан сөзүн, колунан калемин түшүрбөй белсемдүү иштеп келатат.

Эркин басма сөз жөнүндө эң биринчи эмгекти “Ариопагитика. Эркин басма сөз тууралуу Англия парламентине кайрылуу” жазган Джон Мильтон (1608-1674) кайрылуусун мындайча аяктаган: “жакшы да, жаман да өкүмдарлар бирдей  жаңылышы мүмкүн, анткени эркин басма сөз аз гана адамдарга жетсе кандай гана бийлик болбосун” жалган кабардар болушу ыктымал. Бирок жаңылыштыкты дароо жана илбериңки оңдоо – улуу жана акылдуу адамдардын изгилиги”. Ушул даанышман сөздөрдү азыркы өкүмдарлар менен эркин басма сөздүн эсине салып кепти биз да тамамдайлы.

Абдыганы Эркебаев

14-16.02.2018.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: