Menu

Сулайман Тоо улам жаңыланып баратат

Бөлүшүү:

Танып не, акыркы мезгилде Сулайман Тоо Улуттук тарыхый- археологиялык музей комплекси (мындан ары Сулайман Тоо УТАМК) жоголуу чегинде турган. Мекеменин кызматкерлери улам-улам иш ташташып, кесипкөй жетекчининин келишин тынбай талап кылышкандыктан, акыры Кыргыз бийлиги мекеменин директорун алмаштыруу талабын орундатып, иш билги жана тажрыйбалуу башчыны дайындаганга батынган. Ошентип, узаган жылдын август ай- ында Сулайман Тоо УТАМКсынын директорлугуна мурда Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө иштеген Абдыкайым Кангелдиевди дайындашты. Көрсө, бул сапар Кыргыз бийлиги чындап эле жаңылышпаптыр.

– Адегенде куп эле кыйналдык, – деп агынан жарылды Сулайман Тоо УТАМКсынын директору Абдыкайым Кангелдиев.

– Музей комплексине таандык жер тилкелерин тоңмоюндар жана жалаң байлар эбак басып алышыптыр. Алар менен тынымсыз соттошуп, акырында баарын жайына койдурттук. Буга улай материалдык-техникалык базабызды дагы чыңдаганга батындык. Соңку алты ай аралыгында заман талабына жараша бардык оргтехникаларыбызды ремонттоп, анан жаңыладык. Кызматкерлерибизди бүт интернетке дагы туташтырдык. Ошондой эле ар бир иш бөлмөсүн заманбап эмеректер менен жабдыдык. Анткени, биздин музей – Кыргызстандын, анын ичинде Оштун жүзү. Анткени, алыс-жакындан келгендер арбын. Алардын баары адегенде биздин мекемеге баш багышат. Ошону үчүн музейдин кааналарын бүт заманбап түскө бөлөдүк. Ошого жараша акыркы мезгилде Сулайман Тоо УТАМКсына баш баккандар жана анын курамындагы ыйык Сулайман Тоого үзгүлтүксүз сыйынгандар улам арбып баратат. Мунун эсебинен киреше булагы дагы табылды. Маселен, мурун Сулайман Тоо УТАМКсынын казынасына ай сайын 200 миң сом гана түшүп турса, а бүгүн бул каражата дээрлик эки эсеге көбөйтүлдү.

– Жашырып не. Ушул тапта адистешкен кадрларга абдан эле муктажбыз!- деди Сулайман Тоо УТАМКсынын директору Абдыкайым Кангелдиев.

– Көбүнэсе бизде тарыхчылар жана лингивисттер гана иштешет. А чындыгында музейге археологдор, рестовраторлор жана экскурсоводдор абадай эле зарыл! Кашайып өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын бири дагы музей адистерин эч даярдашпайт экен. Айласыздан кызматкерлерибиз кошумча адистиктерди өз алдынча өздөштүрүүгө мажбур! Мындан тышкары бизде маяна дагы төмөндүгүнөн, дегеле жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн жаш адистер таптакыр жолошпойт. Ошону менен катар Сулайман Тоо УТАМКсын адегенде илимий, андан ары гана маданий борборго айлантсак дегендер дагы жок эмес.

– Музейибиздин алкагында күн сайын жалпы жана жаңы идеялар талкууланып, жаштар үчүн кызыктуу лекциялар окулуп турат,- деп кепке аралашты Сулайман Тоо УТАМКсынын директорунун илимий иштер жагынан орун басары Хайрулло Ибайдуллаев.

– Ал эми музейдин илимий кызматкерлери кызыктуу маектерин жана макалаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыялап турушат. Мындан тышкары биздин мекеме кеңири өңүттөгү ар кандай талкууларды дагы уюштурган туруктуу борборго айланып баратат. Ошентип, бактыбызга жараша Сулайман Тоо УТАМКсынын курамында экинчи Меккеге айланган айтылуу Сулайман Тоо дагы жайланышкан. Ошону үчүн бул ыйык жайдан жыл бою адам аягы үзлбөйт. Мындан тышкары аталган музейдин Ноокат районундагы жана Өзгөн шаарындагы филиалдарына дагы каттагандар арбыды. Анткени, бул жайларда улут сыймыгына арзыган 33 миңдей экспонат күнү күнкүсүндөй сакталып турат.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: