Баткен районуна караштуу Каксай тилкесинде Баткен облусунун чекарачылары чекара тартибин бузган Кыргыз жаранын кармашты.
Баткен районундагы Достук кыштагынын жашочусу 1983-жылы туулган А.К. кыргыз-тажик чекарасын атайын бекеттен тышкары кесип өтүүгө аракеттенген. Анын өзүмүн айтымында, кыргыз жараны Тажикстанга барып, анда жашашкан ата-энесинен кабар алууга ниеттенген. Кармалган кыргыз жаранына Административдик Кодекстин 389-беренесина ылайык жазана салынды. Андан соң Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жергиликтүү органдарына өткөрүлүп берилди.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ