Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында тамактан ууланып Оштогу облустар аралык балдар ооруканасында дарыланып жатышкан Кара-Суу районундагы жети баланын бири 17- февралда каза тапты. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы жар салды.
Айтмакчы, Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына 12-февралда тамакка ууланган 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн. Алардын 10у чоң киши, жетөө кичинекей балдар эле. 19-февралга карата 13 киши стационардык негизде дарыланып жатса, 8 чоң киши Кара-Суудагы аймактык ооруканасында дагыле жатат. Булардын экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө, калагн алтоонун абалы азырынча туруктуу.
Баса, бардык бейтаптарга керектүү медициналык жардамдар берилип жатат. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгарылат.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ