Menu

Балыкчы эли Мирлан Исагалиев менен Сагын Кудайбергеновду катуу колдоого алышууда

Бөлүшүү:

Негизи Балыкчы калаасынын тургундары табиятынан саясатташкан, шаардагы жетекчилери кичине эле «кылт» этип жаза тайса, бийликтеги тирөөчтөрүнө карабай артынан сая түшүп кууп жиберген, арызчыл да калк келет. Албетте, арызчылдыгы баардык шаар тургундарына мүнөздүү эмес. Ага удаа эл үчүн иштеген эр азаматтарын керек кезде колдон-буттан алып, колдоп алган жагынан да үлгү көрсөтүп келишет. Ушул күндөрү Балыкчы шаарына гемодиализ аппараты ме­нен «тез жардам» унаалары баштаган бир катар изги иштерди өздүк каражатынын эсебинен эч кимге колко кылбай алып берген Мирлан Исагалиев менен шаардык кеңештин депутаты Сагын Кудайбергеновду элдин көпчүлүк бөлүгү түп көтөрүлө алкап, баталарын берип жатышканы көңүл кубантууда. Анан калса бул жигиттер анча-мынча саясатчылар сымал элге карай ийне сымал кылган иштерин теменедей көрсөтүп, пиар жасашпагандыгы алкоого эле арзыйт да, туурабы? Сагын Кудайбергеновдун каржылык жактан калкын ар убак колдоого алып турган кадамдарычы? Балыкчынын тугундары келе жаткан парламенттик шайлоодо Ысык-Көлдөн чыккан ыпыр-сыпыр саясатчыларды эмес, дал ушул Мирлан менен Сагындай эл уулдарын төбөсүнө көтөрүп алганга ашыгышууда. Эми колундагы токочун бөлүшүп жеп тургандарды ким эле жаман көрсүн? Колунда болсо элге чачып, иштей беришсин да.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: