Menu

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын, Айдаркен сымап комбинатынын жана Шамбе-Сай алтын кенинин иштери сынга алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында мамлекеттик ишканалардын, кен иштеткен комбинаттардын иштери сынга алынды.

Депутат Жанарбек Акаев “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасындагы вагон сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шек жараткан фактылар, түзүлгөн келишимдерге жасалган шалаакылык мамиле тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, аталган ишкананын Өзбекстан Республикасынын 137 миллион сомдук карызын кечип жибергенин айтып, мындай суммадагы каражат Кыргызстанга кереги жок беле деген маселени койду.

Депутат Закир Шарапов КР Өкмөтүнөн Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинаты, ага тартылган инвестор боюнча толук маалымат берүүнү талап кылды. “Комбинатта жасалып жаткан иштер көз боемочулукка окшоп бара жатат”,- дейт депутат.

Баткендин Лейлек району борбор шаардан 1200 чакырым алыс. Аптасына бир жолу авиакаттам бар. Депутат Таабалды Тиллаев жок дегенде аптасына 2 жолу авиакаттам менен камсыздоо зарылдыгын аткаруу бийлигине жолдоду. Ошону менен катар Т.Тиллаев аталган облустун Кадамжай районундагы Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүдө жергиликтүү элдин талаптары, кызыкчылыктары эске алынбай жатканын айтып, дегеле кен байлыктарды иштеши боюнча мониторинг жүргүзүп, өзүнчө маселе катары кароону сунуш кылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: