Menu

Тажик уюлдук операторлору интернетке мамлекеттик монополия киргизилгенине нааразы болушууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын Tcell, «Билайн», Babilon жана Мегафон байланыш операторлору өлкөдөгү бардык провайдерлерге интернет-трафик сатуу боюнча эксклюзивдүү укуктун мамлекеттик «Тажиктелеком» ишканасына берилгенине нааразы болушуп, бул боюнча түшүндүрмө талап кылып кайрадан өлкөнүн Антимонополиялык кызматына кайрылышты.

Буга чейин өлкөдөгү провайдерлер менен уюлдук компаниялар интернетти кайсыл жактан сатып алууну өзүлөрү чечип келишкен.

Январда «Тажиктелеком» тажик провайдерлери менен уюлдук компанияларга интернет-трафикти башка өлкөлөрдөн өз алдынча сатып алууга тыюу салган. Учурда алар интернетти мамлекеттикишканадан бир гигабиттүү каналды 51 миң доллардан сатып алышууда.

Эки апта мурда өлкөнүн Антикоррупциялык кызматынын башчысы Саъди Кодирзода мамлекеттик интернет-провайдер 2010-жылы табигый монополия субъектилеринин реестрине киргизилгенин жана анын аракеттери «Табигый монополиялар тууралуу» мыйзам менен көзөмөлдөнөрүн билдирген.

Буга чейин Тажикстандын уюлдук байланыш компанияларынын жетекчилери бул чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылышкан. Алардын пикиринде, бул чечим «Атаандаштыкты коргоо» мыйзамына жана Бирдиктүү коммутациялык байланыш борборун түзүү тууралуу токтомго каршы келет. Ошол эле маалда алар Бирдиктүү коммутациялык байланыш борбору трафикти көзөмөлдөө үчүн керек, бирок бул Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөнүн бийлиги интернетке монополия орното алат дегенди билдирбейт деп эсептешет.

Тажикстан уюлдук операторлорунун бирикмесинин төрагасы Гафур Иркаев «Тажиктелекомго» эксклюзивдүү укук берүү чечими байланыш кызматтарын көрсөткөн башка компанияларды басмырлоого алып келет деп эсептейт. Анын айтымында, өлкөнүн Антикорруциялык кызматы эмнеге бир компания башка байланыш компанияларына өз шартын таңуулашы керектигин түшүндүрүп бериши керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: