Ысык-Көл районунун прокуратурасы жашы жете элек кыздар ата-энесинин диний көз караштарынан улам мектепке барбай жаткандыгы тууралуу фактынын материалдарын карашууда. Райондук прокуратурадан маалымдалгандай, жубайлар: 1971-жылы туулган А.Жыргалбек жана 1975-жылы туулган А.Бактыгүл Кыргыз Республикасынын «Билим берүү тууралуу» мыйзамындагы 16-беренедеги талаптарды атайылап бузуп, диний көз караштарга таянып, 17 жана 12 жаштагы кыздарын жалпы милдеттүү билим алуу укугунан ажыраткан.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ