Menu

Ырысбай Өмүрзаков, “Трибуна” гезитинин башкы редактору, саясат талдоочу: “Соке тарыхта акыл-эстүү, эл үчүн иш кылган башчы болуп калабы, же канкордун буйруктарын аткарган бечера катары калабы?”

Бөлүшүү:

 – Президент Фарид Ниязовдун арызын эмнеге кабыл алган жок? Экс-президент менен тиреш башталып кетеринен корктубу?

– Тиреш башталган. Бирок, Фарид Ниязовдун отставкасы – Атамбаевдин саясый оюндарынын бири болушу мүмкүн. Эл арасында: “Жээнбеков буюрса өз алдынча саясат жүргүзүп, өлкөнү алдыга жылдырууга жол ачат”,- деген сөздөр кеңири жайыла баштаган. Андай элдин кеби – Кыргызстанды Кытайга көз каранды кылып, кыска мөөнөттөгү олчойгон пайыз менен 2 жарым миллиард долларга карыз кылган Атамбаев үчүн, бийликтен ажырап калуу, мындайча айтканда, “чалгы менен бир жерин шылып койгондой” эле болуп калары – турган иш. Бирок, кандай болгон күндө да президенттин Ниязовдун отставкасын кабыл албагананы туура болбой калды. Элдин көбү, баардыганан тажаганынан күндүн жылыганын эле күтүп турат. Ошон үчүн президент бул жерден өз эркин көрсөтүшү керек болчу. Эгер Фарид Ниязовдун отставкасы: Сооронбай Жээнбековду Атамбаевдин “жетелеме саясый торпогу” кылып алалы деген ой болсо, анда бул оюндун экинчи бөлүгү болушу мүмкүн. Профессионал журналист болгон соң, Фарид, азыр маалымат майданында авторитеттүү басылмалар менен журналистерди өз тарапка имергенге аракет кылышы мүмкүн. Маалыматтык тирешүү башталганы качан… Бирок, эки тарап тең “сен жинди, өзүң жинди, мен жинди эмесмин, мен патриотмун – тиги жинди…”, – деген деңгээлден өтө албай турат. Эми, кыскасы, же кызыктуу, мамлекеттин кызыкылыгын кымтыган иштер башталат же С.Жээнбеков баш оту менен Атамбаевге толугу менен баш ийип берет. Жээнбековго тарых өзү шарт түзүп берип жатат. Тарыхта акыл-эстүү, эл үчүн иш кылган башчы болуп калабы, же канкордун буйруктарын аткарган бечера катары калабы? Тандоо Жээнбековдо…

– Фарид Ниязовдун ал кызматты аркалышы Жээнбеков үчүн маанилүү эмеспи?

– Анын ал кызматта отурушу биринчиден, Жээнбеков үчүн эмес, Атамбаев үчүн керек. Анткени, Фарид Ниязов Атамбаевдин тегерегиндеги эң эле таасирдүү чиновник болчу. Атамбаевдин жүргүзгөн саясатынын бир чылбырын кармашкан саясатчы деп атасак да болот. Ал журналист катары адис, саясый интригалардын генийи. Эсиңерде болсо керек, “жаңы президентибиз курстан тайыса, мен бийликти кантип алмаштыруу ыкмаларын билем”,- дегенден кийин кызматка бекитилди. Эми Фарид Ниязов тынч кетип, партиясынын иштери менен алек болсо, анда бийлик бутактар кандайдыр бир деңгээлде тазаланып, президент Жээнбековдун иши алдыга жылат. Ал кетпесе, анда баягы эле иштер менен алек болуп, президенттин иши менен сөзү дал келбей калат.

– Казакстанда камакка алынган депутатыбыздын кош жарандыгы бар экени ачыкка чыкты. Башка депутаттарда дагы жарандык боюнча маселе жаралбайбы?

– Бизде кош жарандыкка тыюу да жок, урксат да жок. Бирок, мыйзамда: “Кош жарандыгы бар кыргызстандыктар, депутат, мамлекеттик чиновник боло албайт”,- деп жазылган. Чынын айтсак, азыркы кезде биздин ЖКте казактын жарандыгы бар депутаттар дагы эле болсо керек. Ал эми казак бийлиги дароо биздин бийликке билдирүү жасап, Алматыда камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Казак Республикасынын жараны экенин жарыя кылып койгонунан Кыргыз Республикасында дагы эле кош стандарттар сакталмак тургай, өркүндөп жатат, Кыргызстан коррупцияга малынган мамлекет дегендин далили катары айтылган нерсе деп түшүнсөк болот.

– Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматка келгенине 6 айдын жүзү болуптур. Ал 6 айда эмне иштерди жасай алды?

– 6 айдын ичинде бийлик катуу катуу эскертүүлөрдү берип, чиновниктерди “үркүтүп”, анан “убакыт берели” коррупционерлерге, бөлүшсүн” дегенден сыяктуу баланын сөзүндөй кептерден башка эч нерсе деле жасаган жок.

– Текебаев эркиндикке чыгар, чыкпасы эмнеге байланыштуу болот?

– Текебаевдин эркиндикке чыгар, чыкпасы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу болот. Анткени. Текебаевдин тагдырын Жээнбеков Атамбаевдин желдети, дегендей мааниде берген мүнөздөмөсү чечип коюшу мүмкүн.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: