Menu

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосуна от жагып, чагым уюштургусу келгендер кимдер?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс- президент Алмазбек Атамбаевдин ортосуна атайылап от жагып, чагым уюштургусу келгендердин бар экени билине баштады. Тактап айтсак, президент менен экс-президентти кайраштырууну көздөгөнү ачык эле билинген жалаяктай макала мындан бир нече күн мурун адегенде “ватсап” аркылуу таратылып, андан соң интернет сайттарына басылып чыкты.

Макала орус тилинде даярдалган (“Почему Сооронбай Жээнбеков попер против Атамбаева” деген темада). Ал интернет сайттарына жарыялангандан кийин кыргыз басылмаларындагы материалдарды орус тилине которуп басуучу “gezitter.org” сайтына да басылып чыкты. Темасын “Что происходит между Атамбаевым и Жээнбековым? Иная версия громкой речи на Совбезе”- деп өзгөртүп туруп, кыскача баш сөз жазышып, анын төмөн жагына жогорудагы макаланын текстин толугу менен келтиришкен.

Бул макаланын өзөгүн эмне түзөт дебейсизби? Автор С.Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтеринин дарегине карата айткан катуу билдирүүсүнүн себеби катары өткөн 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары болуп келген Раим Матраимовдун кызматтан алынышын айтыптыр. “Раим Матраимов Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо алдындагы штабын миллиондор менен каржылаган. Ал азыркы бийликтин учурунда “кол тийбестикке” ээ болушу керек эле. Анан аны Атамбаев кызматтан алып койгону үчүн эми С.Жээнбеков ушинтип күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилерине катуу айтып атат”- дегендей маани жатат.

Макаланын дагы бир көздөгөнү президент С.Жээнбековдун бир туугандарына асылуу болгон. Башкача айтканда “С.Жээнбеков Бакиевдин режимин кайталаганы турат”- дегендей ишаарат бар.

Биринчиден, Раим Матраимов экс-президент А.Атамбаевдин убагында кызматтан кызматка көтөрүлүп келген. Анын Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан алынышы ошол учурдагы кырдаалга байланыштуу болгон. Баарыбыз билебиз, ошол убакта Кыргызстан менен Казакстандын чек араларында оор кырдаал түзүлүп турган. Р.Матраимовдун кызматтан алынышы ошол кырдаалды азыраак болсо дагы жумшартууга багытталган кадам болчу. Муну С.Жээнбеков эч кандай тескери кабыл алган эмес.

Экинчиден, Матраимовду Жээнбековдорго байлап, Бакиевдин ордун басышат деген тыянак чыгарып жиберүү таптакыр акылга сыйбайт. С.Жээнбеков үй-бүлөлүк, авторитардык режимди орнотуу аракетин жасамак турсун, андай режимдин анык каршылашы. Анын бир туугандары дагы мындай кадамга барышпайт. Маселен, Жусупбек Шариповду Украинага элчилик кызматка Алмазбек Атамбаев өзү дайындап кеткен. Эгерде аны бир тууганы С.Жээнбеков дайындаган болсо да сөйкөнгөнгө азыраак шылтоо табылмак.

Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков болсо буга чейин эки ирет катары менен Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Анан агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка сунушталып жатканда өз эрки менен төрагалык кызматтан кеткен. Мына ушунун өзү бир тууган Жээнбековдор эч качан авторитардык режимге жакын эмес экендиктеринен кабар берет. Учурда А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты, бул кызматта ал агасы президент болгонго чейин эле иштеп келген.

Анан кайдагы Бакиевдин режиминин кайталанышы тууралуу сөз кылууга болот? К.Бакиевдин жасаган кадамдары таптакыр башкача болгон. Анын бир туугандары, уулдары ал президенттик кызматка келгенден кийин карьералык өсүш жасашкан. Ал эми бир тууган Жээнбековдор саясатта узак жылдардан бери келе жатышат.

Туура, А.Атамбаев президенттик шайлоонун алдында С.Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Бирок, эң башкысы элдин колдоосу болбосо президент болуп шайланат беле деген суроо бар. С.Жээнбековду эл колдоду. Анын коррупцияга аралашпаган тазалыгын, иштермандыгын, тажрыйбасынын молдугун эл жактырды жана колдоду. Эгерде эл акчага гана алдана турган болсо, анда Ө.Бабановду тандап алышат эле. Бирок, элибиз тазалыкты, өлкөнүн өнүгүп өсүүсүн тандады. А.Атамбаев да С.Жээнбековдун талапкерлигине анын тазалыгы, мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн тажрыйбалуулугу үчүн токтолгон. Ошол эле убакта аны эл да колдой турганын түшүнгөн. Эгерде анын ордуна Иса Өмүркуловду колдоп чыкса, тандоосу жүзөгө ашат беле? Же Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин алып чыккан болсо, ал жеңишке жетет беле? Кечээ жакында эле Ч.Турсунбеков өзү маалымат булактарынын бирине маек куруп, ага өткөн жылы эле А.Атамбаев “Досум, президенттик шайлоого даярдана бер, мен сени сүрөйм”- деп айтканын ачык билдирип чыкпадыбы. Ал эми А.Атамбаев өзүнүн президент катары берген акыркы маалымат жыйындарынын биринде “Эгерде КСДПнын талапкери болбогондо, мен Бабановго добуш бермекмин”- деп айтканын да жакшы билебиз. Демек, А.Атамбаев шайлоо күнү жакындаганга чейин эле конкреттүү бир талапкерге токтоло албай жүргөн десек туура болот.

С.Жээнбеков тектүү жердин кулуну экендиги дагы, анын ата-тегинде эл башкарган бийлер, эл коргогон баатырлар чыкканын да санжырачылар айтып келишет. Президенттин атасы Шарип Жээнбеков өз убагында Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында кадыр- барктуу инсан болгон. Ал коомдук иштерге да активдүү катышуу менен чарбалык иштерде өзүн мыкты жагынан көрсөткөн. Ошону менен бирге эле ал мыкты уулдарды да тарбиялап өстүргөнүн көрүп турабыз. Анын уулдары жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, артынан эч кандай чуулгандуу кеп-сөздөрдү ээрчитишкен жок. Андыктан экс-президент А.Атамбаев да мындай чагымдарга алданбайт деп ойлойбуз. Ал өтө акылдуу, көрөгөч инсан. Кимдин кандай ою, максаты бар экенин аңдабай түшүнөт. Анын үстүнө С.Жээнбеков экөө 1995-жылдан бери чогуу саясатта келе жатышат. Бири- биринин сырын абдан жакшы билишет. Андыктан мындай чагымды уюштуруп жаткандар от менен ойноп аткан сыңары. Кара күчкө Атамбаевге жан тарткан болушуп, аны жолдон чыгаргылары келип жаткансыйт. Эгерде бул чагымды уюштуруп аткандардын жүзү ачылып кала турган болсо, анда аларды кандай тагдыр күтүшү мүмкүн? Атамбаев өзү да аларды кечирбейт. Кимге эле чагымчылдар жакмак эле?

Нурдин ДИЛДЕБАЕВ “Фейсбук”

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: