Menu

Түркмөн президенти 8-мартта өлкөдөгү аялдарга 11 доллардан белек берет

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан Эл аралык аялдар күнүнө карата өлкө айымдарына быйыл 40 манаттан (11,4 АКШ доллары) акчалай белек берилет. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы 28-февралда кол койгон.

Түркмөнстандын расмий басылмалары кабарлагандай, акчалай сыйлык мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерге, пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантура, докторантура, ординатурада окугандарга, студент, мектеп окуучуларына жана бала бакчага баргандарга берилет.

Президенттин атынан 40 манаттык сыйлыкты Түркмөнстан айымдары жыл сайын алышат. Белек тапшыруу аземи салттуу түрдө мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлөт.

8-март – Аялдардын эл аралык майрамы өлкөдө 2008-жылы президент Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан калыбына келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: