Menu

Пентагон Путиндин өзөктүк курал тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Пентагон Орусия президенти Владимир Путиндин өзөктүк куралды өнүктүрүү тууралуу маалыматы “таңкалыштуу” болбогонун билдирди. “Америкалыктар кооптонбой эле коюшса болот. Биз толугу менен даярбыз”, – деди Пентагон өкүлү Дана Вайт.

Ал АКШнын Европадагы ракетага каршы коргонуу системасы Орусияга эмес, Иран жана Түндүк Корея тараптан келе турган коркунучтарга арналганын кошумчалады.

Бейшембиде Орусия президенти Владимир Путин Федералдык кеңеште сөз сүйлөдү. Конституцияга ылайык, мамлекет башчы жыл сайын орусиялыктарга кайрылуу жасашы керек.

Путин убактысынын дээрлик жарымын жаңы куралдануу системасын тааныштырууга арнады. Алардын баары өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө кудуреттүү.

Владимир Путиндин айтымында, АКШнын ракетага каршы коргонуу мүмкүнчүлүктөрү Орусияны жаңы курал иштеп чыгууга мажбурлаган.

Орусия президенти тааныштырган куралдардын айрымдары биринчи жолу көрсөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: