Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда контрабанда жана трансулуттук кылмыштуу топ түзүүгө шектелип кармалышы Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызматтагы аткаминерлеринин кош жарандуулугу боюнча көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Эл арасындагы ар түрдүү талкууларды эске алышкан айрым эл өкүлдөрү кош жарандуулук маселесине байланышкан мыйзамдарды катаалдантуу зарылдыгын көтөрүштү. Маселен, Дастан Бекешов, Кенжебек Бокоев сыяктуу бир катар депутаттар жогорку кызматтагы башка жетекчилердин да жарандыгын текшертүү керектигин белгилешип, «эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса кандай болот» деген маселени кабыргасынан коюшууда. Ал эми БШК кош жарандыгын жашыргандар үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштоодо.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ