Menu

Кадамжай Сурьма комбинатынын башкы имараты сатыкка коюлду

Бөлүшүү:

Кадамжай сурьма комбинатынын административдик имаратын “ОшЭлектро” ишканасы сатыкка койду. Бул жөнүндө аталган ишкананын басма сөз катчысы Талгат Алиханов маалымдады.

– Кадамжай сурьма комбинатынын административдик имараты комбинаттын электр энергиясына карызы үчүн бир нече жыл мурун “Ош электро” ачык акционрдик коомунун карамагына өткөрүлгөн. Ошентип, ишкананын административдик имараты ушуну менен экинчи ирет аукционго коюлуп жатат. Имараттын жалпы аянты 627,52 чарчы метр. Башкы баасы 14, 689 миллион сом деп бааланган. Аукцион 27- февралда өткөрүлөт, – деди “ОшЭлектро” ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алиханов. Баса, Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы Казакстандын “АТФ инвест” аттуу компаниясы сатып алган. Казак ишкерлери комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар инвестиция салууга катуу убада беришкен. Тилекке каршы, комбинаттын карыздары улам көбөйүп олтуруп, Социалдык фондго карызы 32 миллион сомду, “Ош электро” ишканасына карызы 70 миллион сомду, ал эми “Кыргызалтынга” бересеси 80 миллион сомду чапчыган. Айтмакчы, 75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурьма комбинаты тээ Союз убагында дүйнөдөгү эң алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурьмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан дагы мыкты деп бааланган.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: