Menu

Жалал-Абад шаарынын босогосу жаңыртылат!

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын босогосундагы “Курманбек- кылымдар мурасы” триумфалдык аркасы кайрадан жаңыртылат. Арканын курулушун жүзөгө ишке ашыруу максатында облустук фонддон 24 миллион сом суралды.

Баса, бүткөрүлүшү ушул жылдын аягына мерчемделгени менен каржы булагы аныкталып, алигүнчө бөлүнө элек. А арканын учурдагы акыбалы боюнча Сузак райондук акимчилигинин жана Жалал-Абад облусунун жетекчилигинин толук кабары бар. Ошондуктан, ушул жылы толук оңдоодон өткөрүп, кошумча аллея куруу дагы пландаштырылган. Ошентип, триумфалдык арканын реконструкцияланышы менен Курманбек аллеясынын курулушун Кыргыз Өкмөтү өз көзөмөлүнө алат. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусуна жасаган сапарында бул жумушту тездетүүнү тапшырган. Ийгилик жараткан спортчулардан тартып, алыс-жакындан келген конокторду аркадан тосуп алуу салтка айланган. Айтмакчы, бүгүнкү күнү Жалал- Абад шаарынын кире бериш дарбазасынын азыркы абалы анчалык көңүл жылытпайт. Анткени, арка көптөн бери таптакыр каралбай калган. Акыркы жолу 2015-жылы Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтү 600 миң сом ажыратып, араң оңдогон. Андан бери эч кандай түзөтүү иштери аткарылган эмес. Эске салчу жагдай: Жалал-Абад шаарынын босогосундагы «Курманбек кылымдар мурасы» триумфалдык аркасы 2001-жылы тикеленген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: