Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга талапкерлерди тандаганы маалым болду. Жогорку соттогу алты судьялык орунга мындан бир ай мурун 46 адам арыз берген эле. Алардын ичинен Чүй облусттук соттун төрагасы Кыдык Жунушпаев 55 жашта, Тоң районунда туулган. Ирина Воронцова, Бишкек шаардык сотунун төрайымы, 49 жашта. Дамира Орозова, Биринчи май райондук сотунда судья, 53 жашта. Нургүл Бакирова Ош облусттук сотунда судья болуп келген. Кымбат Архарова 50 жашта. Жердиги Ак-Суу району. Учурда Октябрь райондук сотунда судья. Ал эми Айдарбек Алымкулов да сот болуп иштеп келген. Мына ушул 6 талапкер эң көп упай алышты. Бул алты талапкердин тизмеси президентке сунушталды. Бирок алтоонун ичинен кимиси таза деген суроо туулбай койбойт. Маселен, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова тууралуу жакшы пикирлер жокко эсе, көп сындарга кабылып келген. Бул адамдын артынан ар кандай сөздөр ээрчип келет. Эгер таза адам болсо мынчалык сындар айтылбайт болчу. Эске сала кетсек, президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Парламент да таза адамдарды судьялыкка тандаш керек. Булганган адамдарды кылдаттык менен карап, ылгашы абзел…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ