Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чекара аскерлеринин жоокерлери Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилип жаткан 573 миң долларды кармашты.
Маалыматка караганда, 16—февралда таңкы саат алтылар чамасында Өзбек чекарачылары чекараны кесип өтүүгө далалаттанган белгисиз жаранды күмөн жараткан сумкасы менен колго түшүрүшкөн. Аны “Токто!” деп эскертишкенде, белгисиз адам сумкасын таштай качып, дароо изин сууткан. Сумканы тинтишкенде, ичинен 573 миң 280 доллар табылды. Ушул тапта изин жашырган котрабандачыны кармоо жана анын өздүгүн тактоо аракеттери дагы күчөтүлдү.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ