АКШда куралдарды аткезчилик жол менен Чеченстанга сатууга шектелип кармалган 2 жигиттин бирөөсү Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экендиги маалым болду. Кармалгандардын бири Эльдар Резванов Казакстандын жараны болсо, экинчиси Замира айымдын баласы Тенгиз Сыдыков экен. Бирок Замира айым бул маселе боюнча: «Балам качандыр бир кезде аны менен бир батирде турган. Бул иш ошол жигитке тиешелүү окшойт. Балам азыр башка жакта жашайт. Ал Резвановдун кармалганын билгенден кийин аны колдоо же кармалуунун себебин билүү үчүн полициянын мекемесине барыптыр. Жагдай териштирилгенге чейин деп, аны дагы кармашыптыр. Бул 72 саатка формалдуу эле кармоо. Сот кармалгандарга карата айыпты кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимди эртең кабыл алат. Чындыгында азырынча айыптоочу корутунду жок. Менин баламдын буга катышы жок. Ал жөн гана ошол бала менен батирде чогуу жашаган», – деп айтып чыкты. Албетте, эне баласын айыптуу дебейт. Бул маселе алдыда дагы да такталышы толук мүмкүн. Белгилей кетсек, Сыдыкова Бакиевдин тушунда, тагырагы 2005-2010-жылдары АКШда элчи болуп турган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ