“Эйр Кыргызстан” компаниясын 2018-2020-жылдарда менчиктештириле турган мүлктөрдүн программасына киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду “Азаттык” радиосуна билдирди. Көз карандысыз баалоо компаниясы “Эйр Кыргызстандын” сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сом деп баалаган. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өткөн жок деп табылган болчу. Азырынча акцияларды сатып алуу боюнча потенциалдуу инвесторлордон расмий арыз түшкөн эмес. Аталган авиакомпаниянын жетекчилиги Кыргызстан акциялардын 49 пайызын сатыкка чыгарганын, чет элдиктер анын 51 пайыздан ашыгын алууну көздөп жатканын кабарлады. Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе “банкрот болобуз” деген кооптонууларын айтып келет. Жергиликтүү авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” 2006-жылдан бери чыкпай турат. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион сапарга аттанат. Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде учат. Жүргүнчүлөрдүн 60-65 пайызын чет элдик, 35- 40 пайызын Ата мекендик компаниялар ташыйт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ