Menu

“Мыйзам катуу. Бирок ал – мыйзам” – деген Замирбек Осмонов

Бөлүшүү:

Жакшы сөз жанга кубат эмеспи. Жакшы иштеп аткан жетекчилерге жылуу сөз айтып турсак, алар өлкө үчүн өз аракеттерин аябасы анык. Айталы, Өкмөткө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) төрагасы Замир Осмонов аталган тармакка келгени бир топ алгылыктуу иштер жасалып, кадимкидей иштин алдыга жылганы байкалууда. Болбосо бул тармактын кызматкерлери бизнесмендерди баса калып текшерип, чек арадан кирген товарлардан тыйын өөнөмөй адаттары менен коомчулукта тескери пикир жаратып келишкен. Каржы полициясы дегенде ишкерлердин жүрөгү титиреп турган да күндөр өтпөдүбү. Эми Замир мырзанын келиши менен баардыгы мыйзам алкагында иш алып барып, элди кубантууда. Кезегинде салык кызматын кадимкидей тартипке келтирип койгон Осмонов Каржы полициясын ишкерлерди талап-тонобой, сыгып, кыспай, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүп, коргоого ала турган кызматка айланта алаарына шек жок. «Мыйзам катуу. Би­рок, ал – мыйзам!» деген ураан менен иш алып барган жетекчиге бали дейли!

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: