Спорт жаатында элдин купулуна толгон саналуу балбан жигиттерибиздин бири, көптөн бери кыргыздын намысына жарап келе жаткан Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн алтын байге тагынып, Азия чемпиону болду. Акжол финалда казакстандык Демеу Жадраев менен таймашып, 8:6 эсебинде жеңип чыкты. Алгач Акжол иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2 эсебинде, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде, жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утуп алган. Бул ийгиликке жалпы кыргызстандыктар кубанып турган кези. Жалпы эл менен бирге Акжолго чоң ийгиликтерди, алдыдагы жеништерди каалайбыз.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ