Menu

5-мартта митинг уюштургусу келген Замира Сыдыкованын уулу курал-жарак бизнеси менен шугулданабы?

Бөлүшүү:

«Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары бала деле ата-энесинин баскан-турганы, жасаган кадамдарынан таалим-тарбия алат. Замира Сыдыкова аттуу жарым-жартылай журналист, жарым-жартылай бейөкмөтчү айым бар экенин жакшы билебиз. Акаевдин маалында оппозициячыл болуп жүрүп, кийин К. Бакиевдин маалында Кыргызстандын АКШдагы элчиси бо­луп кеткен. 2005-жылдан 2010-жылга чейин ушул кызматты аркалаган. Анан Бакиевдер өз элинен куулуп, Сыдыкова да кызматсыз калгандан бери кийинки келген бийликти сындап эле басып жүрөт. Ушул жылдын 5-мартында өлкөбүздүн Жогорку сотунун имаратынын алдына жана жер-жерлердеги соттордун имара­тынын алдына масштабдуу нааразычылык акциясын өткөрөбүз деген уюштуруучулардын катарында жүргөн. Ошентип жүрүп өзүнүн уулун да туура тарбиялоону унутуп калса керек. Жакында эле АКШда курал- жарактарды контрабандалык жол менен Чеченстанга сатып жүргөн топ кармалган. Алардын арасында дал ушул Сыдыкованын уулу Тен­гиз Сыдыков да бар болуп чыкты. Эми Американын соту ага карата кандай чечим чыгараары азырынча белгисиз. Белгилүүсү – өз өлкөсүнө бузукулук кылып, жасалып аткан изги иштерди көрбөй, жалаң тана негативдерди көрө берүүнүн арты жакшылыкка деле алып келбей тургандыгы болду.

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: