Menu

Кыргыз Республикасында бүт баары сатылат, бийлик бутактарынын дагы өз баасы бар

Бөлүшүү:

Учурда Алматы шаарында уюшулган кылмыштуу топтун жетекчиси деп экономикалык кылмышкер катары Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, камакта жаткан Казак Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек тууралуу чуулган эл арасында кызуу талкууну жаратып, ошону менен катар «кош жарандуулуктун мыйзамдык негизи барбы?» ​деген суроого жооп издегендердин саны арбыды. Өлкөдө кош жарандыкты мыйзамдаштыруу тууралуу ого эле көп кеп жүргөн. Россия, Казакстан мамлекеттерине дагы сунуштар киргизилген. Анткени менен коңшу мамлекеттердин мыйзам чыгаруу бийликтери кош жарандык тууралуу сөз кылуу али эрте деген көз карашта Кыргызстан тараптан болгон сунуштарды кароосуз калтырып, өз мамлекеттеринде үч күндүн ичинде кыргыз жарандарынын каттоодон өтүүсүн талап кылып келишкен.

Кош жарандык боюнча сөз токтотулган соң, каттоо режими кыйла жеңилдетилген. Ал эми Өкмөт менен партия (СДПК) куру убадаларын, карандай калптарын айтып элдин башын оорутуусун уланткан. Кыргызстандыктар соңку жылдары кыргыз бийлигинин алдамчылыгын баамдап, үй- бүлөлөрүн багуу максатында массалык түрдө Россиянын жана Казак Республикасынын жарандыктарын кыргыз жарандыгынан баш тартуу жолу менен ала башташкан. Анткени, Россия менен Казакстан өз жарандыгын башка мамлекеттердин жарандарына берүүсүнө мыйзамдары жол бербейт. Ал эми коррупциянын деңгээли бул өлкөлөрдө ичтен ириткен кыргыз коррупциясына салыштырмалуу, аябай эле төмөн болсо керек.

Кандай болгон күндө да кош жарандуулуктун мыйзамдык негиздери тууралуу укук коргоочу-адвокат Акин Токталиевге кайрылдык.

“Кыргыз жарандары, кош жарандуулук мамлекетибиздин кызыкчылыгына карама-каршы болбосо, КРнын “Жарандык жөнүндө мыйзамынын” 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, кош жарандыкты алуу, кыргыз жарандыгынан ажыроо дегенди тастыктабайт” дейт адвокат Акин Токталиев.

“КРнын Жарандык жөнүндөгү мыйзамынын” 3-бөлүгүнүн 22-беренесине ылайык, “Кош жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Президенттикке ат салыша албайт, мамлекеттик кызматтарда иштей албайт, Жогорку Кеңеш эмес, жергиликтүү органдарга депутат боло албайт. Укук коргоо органдарында, сот системасында, прокуратура тармагында иштегенге да укугу жок болот. Чындыгында, биздин өлкөдө мындай мыйзамдарды бузууда жылчык издеп тапкандар көп. Кош жарандыкты жашыруу “көз боёмочулук” болгон күнү да, ал берене боюнча бир да чиновник, бир да Жогорку Кеңештин депутаты жоопко тартылган жок. Бир гана депутат мандатынан ажыраган. Ал 2001-жылы Россиянын жарандыгын алган Жыргалбек Саматов. Кош жарандыгы ачыкка чыккан соң, ал 2016-жылы депутаттык мандатынан ажыраган. Эми жакын арада Казакстанда камакта жаткан депутатыбыз мандатынан ажырайт болсо керек” дейт юрист.

“Казак бийлиги дароо эле биздин бийликке билдирүү жасап, “Алматыда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбек камакка алынды” деп билдирди. Ал Казак Республикасынын жараны деп, эмне максат менен жарыя кылышты? Өз жараны камалып жатса, өздү жашыра турушпайбы дейм да.

Менимче, Кыргыз Республикасында кош стандарттар сакталмак тургай, өркүндөп жатат, Бул көрүнүш Кыргызстандын коррупцияга малынган мамлекет экендигинин далили, тилекке каршы, биздин мамлекетте гана башка мамлекеттин жарандары жогорку бийликте кызмат өтөп, Жогорку Кеңешке депутат боло алышат. Кыргыз Республикасында бүт баары сатылат, бийлик бутактарынын дагы өз баасы бар. Кызыкдар болгон мамлекеттер Кыргызстандагы коррупция тууралуу ачык-айкын билишери шексиз…

Рысбек Өмүрзаков

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: