Menu

Жаңы өкмөттүн алгачкы жазы – анын акыркы жазы дагы болуп калабы?..

Бөлүшүү:

Азыркы ашмалтайы чыккан, анархияны элестеткен бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара катнаштарын камтыган аныктамалар эң соңку конституциялык өзгөртүүлөр менен кошо келгендиги маалым. Бул арабөк калган, “өйдө тартсаң өгүз өлгөн, ылдый тартсаң араба сынган” сымал абалдын жаралышына экс-президент демилгелеп, абдан жигердүү аракеттенген соң гана, жалпы элдик референдум негиз берди.

Жыйынтыгында, сөз жүзүндөгү көз карандысыз, өз алдынча иштей ала турган өкмөт жана бир дагы министрди кызматтан алып эч дайындай албаган президент пайда болду. А иш жүзүндө, Конституциядагы теориядан теңирден тескери болууда — ​өкмөт өз алдынча кадамдарга жөндөмсүз келип, жаңы өкмөт курамынын “жалаң жаштардан” куралган өзөгү жарым жылга жетпей, биринен сала экинчиси алмаша баштады…

Ушунун өзү эле, экс-президенттин идеалисттик нукта ой жүгүртүп, келечекти көздөй туруктуу багыт алып кете турган өкмөттү калтыра албагандыгын айкындап турат. Көрсө, жалаң “жаш жана жаңыча ойлонгон” күчтөрдүн келиши менен эле маселе чечилип калбайт экен.

Көп кырдуу, татаал маселелерди чечүүдө жаштык, тазалык дегенден башка да (баса, алардын баары эле ушунчалык тазабы — ​бул да кийинки келечекте гана аныкталат окшойт, анткени, кечээ жакында, парламент менен коштошуп жатып, депутат жана экс-генпрокрурор Аида Салянова айым азыркы премьер-министр баш болгон чоң топтун мурда Максим Бакиевдин жанында жүрүшкөнүн ташка тамга баскандай кылып, азыркы өкмөт курамына “эн” салган сымал, белгилеп коюп кетпедиби?!), тажрыйба, компетенттүүлүк, профессионалдык билим сыяктуу компоненттер зарыл тура!.. Ансыз тек гана, жалаң демагогиялуу, куру сөздөрдөн турган “таза коом”, “электрондук мамлекеттик кызмат”, “дистанциялык башкаруу” сыяктуу декларацияланган программалардан ары жылуу кыйын болору талашсыз. Демек, жарым жылдан бери иштеп жаткан өкмөттүн өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, экономикалык өсүш болду деп белгилеп жатканына ишенүү күмөн жаратып турса да, бул иш мурдагы өкмөттүн иш жыйынтыктары экенин, азыркы өкмөт эң соңку кварталга гана өз “салымын” кошконун эске алуу менен бирге, баягы эле “арабөк калуу” деген салыштыруу эске келери бышык.

Башкача айтканда, же ары эмес, же бери эмес. Мындай абал дагы канча убакытка чейин созуларын айтуу кыйын. Бир гана нерсе алдын ала эле түшүнүктүү — ​бул өкмөт курамы ага ишенип берилген милдетти да, ага тагылган үмүттү да актай албайт. Ушул азыркы абалында кала берет. Иштеп жаткандай гана, бир нерсе менен аракет кылып жатышкандай түр көрсөтө беришет, а бирок, андай аракеттердин жыйынтыгын практикалык багытта көрмөк турсун, алдыртан сезүү да кыйын…

Ошол эле учурда, алдыда өтө оор, кыйчалыштуу жылдар жакындап келе жатат. Стратегиялык багыттагы, чоң, изги максаттар боюнча алып караганда, ал учурга алдын ала даяр болуп, күтүнүү шарт эле. Азыр өкмөт жетекчилигинде андай маанай, даярдык турмак, ал жөнүндө ойлогон да адам жоктой… Тек гана күнүмдүк (“текучка”) сыяктуу маселелер менен алышуу, пайда боло калган майда-чүйдө маселелерди чечүү менен гана алек болушууда.

Ал жай маселелердин ичиндеги бир гана чектен чыккан нерсе — ​“жаш өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн” селт эттирген бир гана күтүүсүз жана чоң масштабдагы кырсык — ​Бишкек ТЭЦинде орун алды. Кыштын кылчылдаган курч маалында, жылуулук өткөрүүчү системадагы күтүүсүздөн болгон жарылуу жаш өкмөт үчүн эң алгачкы олуттуу сыноо болуп калды. Шашып, алапайын таппай калышкан, эмне кылууну билбей, айланага чочулай карашкан жетекчилердин жүзүнөн, алардын ансыз деле мурдатан чамалары чаркталуу абалдары ачык көрүнгөнсүдү. Эми бул авария боюнча комиссиянын артынан комиссиялар түзүлүп, алардын иши бул кыш аяктаган соң, кийинки жылуулук берүүчү сезону башталгандан кийин да бүтпөчүдөй болуп турат…

Ошентип, азыркы өкмөт утурумдук, убактылуу маселелерди чечүү менен гана алек болуп, башка иштерге чама-чаркы жетишпей олтурган кезде, тээ алыскы тоо чокусунан акырындап жылып келе жаткан көчкү сымал болуп, улам жакындап келе жаткан дагы бир өтө олуттуу маселе бар.

Ал маселе — ​сырткы карыз маселеси. Белгилүү болгондой, 2023-жылдан баштап, азыр 4,5 млрд долларга барып калган сырткы карыздарды төлөө процесси башталат. Аларды төлөөнүн эң эле оор учуру 2025–2029-жылдарга туш келери айтылып жүрөт. Бул сырткы карыздын 70 пайыздан ашыгы (мурдагы президенттерден — ​Акаев жана Бакиевден калга 1,5 млрддан башкасы) Убактылуу өкмөт жана Атамбаевдик бийлик тушунда жаралган карыздар. Баарынан өкүнүчтүүсү — ​ошол топтолгон карыздардын басымдуу бөлүгүнүн, же жарымынан да көбүнүн утурумдук (баягы эле текущий) маселелерге жумшалып, олуттуу максаттарга жумшалбагандыгы болууда. Ал эми оңдолгон жолдор жарым жылга, ашып барса — ​бир жылга жетип-жетпей, кайра оңдоого муктаж болуп жаткандыгын Бишкек шаарынын көчөлөрү ачык тастыктоодо. Перспективалык багыттагы, киреше берүүчү ишканаларды ачуу, өндүрүштүк тармакты жандандыруу жөнүндө айтпай эле коёлук!

Кечээ эле, парламенттик кароо учурунда, ТЭЦке эң соңку бөлүнгөн 396 млн доллар өлчөмүндөгү кытай кредитинин кайда жумшалгандыгы дайынсыз болуп жаткандыгы аныкталды. Башында “Техникалык бөлүктөр толук алмашылат” деп айтылган менен, 30 пайызга жетпеген гана алмашуулар болуптур. Демек, логикага таянсак, 36 млн доллар гана иш жүзүндө пайдаланылган, ал эми калган сумма кумга сиңген суудай болуп кеткен экен!.. Сырттан келген кредиттерге жасалган бул сыяктуу мамиле өткөн жылы эле жаралып калган жок. Тээ акаевдик доордон бери эле тышкы кредиттер дайынсыз жок болуп (Австралиядан алынып келинген кочкорлор сымал!) жана алардын тегерегинде иштегендер элдин эсебинен байышып келишкендиги белгилүү.

Ал эми сырткы оор карыздарды төлөө ички бюджетти ого бетер кыскартуу менен коштолоору айтпасак да түшүнүктүү. Ансыз деле өп-чап болуп, жыл башында баарын камтыйбыз маанисинде, жылдык бюджет бекитилип, жылдын соңуна жетпей эле туш-туштан кыскартылып келе жаткандыгы эбак көндүм көрүнүшкө айланып калган. Эми, жогорудагы жылдарда, бул абал андан да курчуй тургандыгын айтуу үчүн ашкан көзү ачык адам болуштун деле кереги жок!..

Бая күнчөрөөк Москванын “ОРТ” телеканалы америкалык атактуу кинорежиссер Оливер Стоундун “Владимир Путин” аттуу эң мыкты документалдуу фильминин бетачарын жасады. Ошондо Путин Стоун менен болгон маеги арасында, Россия Федерациясынын азыркы сырткы карызы өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ВВПсынын) 12 пайызын (!) гана түзөрүн билдирди. А биздин сырткы карызыбызды мындан эки-үч жылча мурда ИДПга салыштырмалуу алганда, 63–65 пайыз деп жүрүшкөн. Демек, азыр бул цифра 70 пайыздан ашып кеткени деле таң калтырбайт. Айрыкча, ТЭЦ кредити сымал мисалдар ачык орун алып жаткан учурда!

Узакка созулган жарандык согуштан соң, жалпы дүйнөлүк геосаясий жана экономикалык блокадага кабылган Россия сырткы карыздарынын баарын төлөп берип гана тим болбой, өз геосаясий кызыкчылыгынын алкагындагы көп өлкөлөрдүн (анын ичинде Кыргызстандын да!) карыздарын кечип берип, колдон келген колдоосун көрсөтүп келе жатат. Эч кимге тизе бүккүсү келбеген, эгемендигин баарынан жогору койгон Кыргызстан сырткы карызга белчесинен батып, жакында кекиртегине жеткени турат. Бул процесстин акыркы жыйынтыгы — ​экономикалык көз карандысыздыктын, анын артынан — ​саясий көз карандысыздыктын чектелиши менен аякташы толук ыктымал.

Анткени, 2025–2029-жылдарда сырткы карызды төлөөнүн эң оор учуруна азыртан даяр боло албасак, жер жана табигый ресурстарыбызды күрөөгө коюу аркылуу төлөп бергиле деген талаптар коюлушу да мүмкүн. Ошондо эр болсоң, баш тартып көр! Эл аралык сот, карыз алгандагы өлкөлөр аралык алдын ала түзүлгөн келишимдер жана аларда каралган милдеттер турса!.. Эң эле жаманы — ​бизде өнүгүүнүн башкы багыттары да али толук аныктала электигинде. Агымга жараша, бирде энергетиканы, бирде айыл-чарбасын, бирде жеңил өнөр-жайды (анын ичинде — ​швея — ​тигүүчүлүктү) приоритеттик багыттар деп атай беришет. Максаттуу, терең ойлонулган, узак мөөнөттүү программанын негизинде иш алып баруу деген жок. Маселен, коңшулаш Казакстан газ жана нефть секторун алгачкы эгемендик жылдарында эле башкы приоритеттик багыт катары карап, бул тармактар жалпы өлкө экономикасын тартып бара жаткан локомотивге айландырылды.

Ал эми бизде тоо-кен байлыгыбыз көп деп мактанганыбыз менен, аларды жалпы элдин кызыкчылыгында иштетүүгө жетише албай келе жатабыз. Дүйнөдөгү эң ири он алтын кенинин бири болгон Кумтөр алтын кенин өлкө жетекчилеринин өзүмчүлдүгүнөн, өлкө келечегин көрө алышпаган сокурдугунан улам, дайынсыз чачып жок кылып алдык. Жөн гана чачып жок кылбай, хвостохранилище жана мөңгү сыяктуу жаңы оор маселелерди жаратуу жолу менен…

Азыр бул алтын кенден алынган киреше өлкө бюджетинин орчундуу бөлүгүн түзөт. Ал өз ишин 2026-жылы аяктаганы турат. Демек, күнүмдүк кызыкчылыктар үчүн жыртыкты жамачылап жаткан финансы булагы да кошо аяктайт. Бул учурдун сырткы карыздарды төлөөнүн эң оор этабы менен дал келип жатканынын өзү абдан коркунучтуу. Бекеринен акылман элибиздин карт накылында “эки доочу жана эки оору бир келсе!..” деп айтылбайт да… Кудай анын бетин ары кылсын…

“Кудайдан үмүт эт, а бирок, өзүң да тим турбай, кыймылда” демекчи, ошол кыйчалыш учурга азыртан даярданып баштоо керек. Бул жөнүндө азыркы жаш окмөт башчы жана өкмөт саясаты азыртан урунттуу иш чаралар программасын иштеп чыгышы зарыл болсо да, алардын “Таза коом” жана башка жарнамаларында бир да ачык айтылган жерин көрүү кыйын.

“Өлбөгөн жанга жаз келет” демекчи, быйылкы 2018-жылдын жазы да жадырап кирип келди. Ал эми өкмөттүк деңгээлде, “өлбө жаным өлбө”, “мен кеткен соң, желкемдин чуңкуру көрсүн”, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген сыяктуу саясат дале уланууда.

Башкача айтканда, сырткы формасы башка болгону менен (жаштар-реформачылар аталган), ички мазмуну баягы эски калыбында эле калды. Чечкиндүү, кардиналдуу аракеттер, кескин бурулуштар болгон жок. Келгенине жарым жылдан ашып калган өкмөттүн жасаган жумушуна да объективдүү баа бериле турган учур келери анык. Эмигиче, башка чоң ийгиликтер жаралбаса да, жок дегенде, жасаган ишинин жыйынтыгы болбосо да, багыттары жана ишеним арттырган, үмүт жараткан деми пайда болушу керек эле. Тилекке каршы, андай маанайлардан эч дайын да жок. Азырынча.

Ал эми дагы бир аз убакыт өткөн соң, азыркы күтүү, үмүт этүү деген сыяктуу абал да өзгөрөөрү маалым. Коомчулукта азыркы өкмөт саясатынан көңүл калуу (разочарование), четке кагуу сыяктуу маанайлар да толук жаралышы ыктымал. Болгондо да, салыштырмалуу алганда, абдан кыска эле мезгилдин ичинде. Демейде, андай коомдук баа берүүлөр жана ичтен тымызын жыйылып келген коомдук маанайдын ачыкка чыгышы белгилүү бир мерчемдүү мезгилдер менен байланышат эмеспи. Демек, кышкы сыноодон кыйла кыйынчылыктар менен болсо да, “аман” чыгышкан азыркы өкмөт курамын алдыда дагы далай, андан да ашкан, тагдыр чечүүчү сыноолор күтүп турат. Маселенин баары, азыркы, — ​негизги курамынын жаштардан куралганыдыгына карабастан — ​өтө ыкшоо болуп келе жаткан жана да сыртынан (пиарчыл саясатында) демилгечил болуп көрүнгөнүнө карабастан, — ​өз алдынча көз карандысыз экономикалык-чарбалуу саясат жүргүзүүгө жөндөмсүз болгон өкмөт, эми ошол алдыда келе жаткан оор сыноолорго карата стратегиялык маанидеги даярдыктарды кандай деңгээлде көрө алат — ​Кыргызстандын жакынкы учурдагы өнүгүүсү дагы дал ушул суроолор менен тыгыз байланышкан.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: