Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик туубуз элибиз кылымдар бою эӊсеп келген эркиндиктин белгиси катары улуттук сыймыкка айланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

3-мартта Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символу – мамлекеттик туусу алгачкы ирет көккө желбиреп, эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилгендиги тууралуу  дүйнөгө жар салган.

Мамлекеттик желегибиз элибиз кылымдар бою эӊсеп келген эркиндиктин белгиси катары улуттук сыймыкка айланды. Ар бир жарандын жүрөгүнө  мекенчилдиктин,  өз элин, туулган жерин сүйүү сезимин калыптандырып, уюткулуу элибизди биримдикке жана ынтымакка, эмгекке жана жаратмандыкка чакырып турат.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу элибизди улам  жаӊы бийиктиктерге шыктандырып, өлкөнүн намысын, кадырын бийик көтөрүүгө  дайыма дем берип келет.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Мамлекеттик туунун күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Азаттыкты, мамлекеттүүлүктү даңктаган ушул жаркын майрамда  бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, Кыргызстаныбызга  – тынчтык, биримдик жана ынтымак  каалайм!

Кыргызстандын  кызыл туусу ачык асман алдында эгемендиктин, эркиндиктин символу катары ар дайым  желбирей берсин!”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: