Menu

Артур Медетбеков, генерал: «Фарид Ниязов президенттин аппарат жетекчилигинен кетсе, кайра башка кызматка келбейт»

Бөлүшүү:

– Фарид Ниязовдун өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазуусуна эмне себеп болушу мүмкүн?

— Фарид Ниязовдун арыз жазып кетем деши бир четинен таң калыштуу болсо, экинчиден кандайдыр бир саясий оюнду чагылдырып турат. Себеп дегенде Фарид Ниязов азыр иш жактан кандайдыр бир басым көргөндөй болуп турат. Биринчиден, туруктуу президент жагынан, экинчиден президенттин тегерегиндеги аттуу-баштуу саясатчылар басым көргөзгөндөй. Үчүнчүдөн мурдагы президенттин дагы басымы көрүнгөндөй. Үч жактан басым көрсөтүлгөндүктөн бул киши бардык чыдамкайлыктан четке чыгып кетейин деген өзүнүн пикирин билгизиши мүмкүн. Же болбосо жөнөкөй эле саясий оюн. Элде болуп жаткан реакцияны байкоо. Саясий талаада кандай болот деп байкоо жүргүздү. Ошондон бир тыянак чыгаруу үчүн ошондой жагдайды чагылдырышы мүмкүн. Фарид Ниязов саясаттан кетсе мурдагы президенттин таасири анын басымдуулугу канчалык деңгээлде бүгүнкү бийликке таасирин тийгизет, бул дагы өзүнчө бир чоң суроо. Эгерде чындап айтканда Фарид Ниязов жумуштан кетсе, андан да жакшы, күчтүү, кыйын иштейм деген чабармандар толуп жүрөт. Эң негизгиси мурунку бийликтин учурунда иштеп, мурунку бийлик менен чогуу жүрүп, көз каранды болгондон кийин эки бийликтин ортосунда байланыш болуп калган. Менин жеке пикиримде бул киши президенттин аппарат жетекчилигинен кетсе, кайра бир башка кызматка келбейт. Ошол бойдон азыркы бийлик акырындан четтете баштайт.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: