Menu

Турсунбек Акун, укук коргоочу: «Уят, Фарид таза адам, ага асылбаш керек»

Бөлүшүү:

– Фарид Ниязовдун өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазуусуна эмне себеп болушу мүмкүн?

— Мен анын арыз жазганын билген жокмун. Прессадан окудум. Арыз жазганда жанында турган жокмун. Эмне себептен экенин айта албайм. Менин божомолума караганда ачыгын айтуу керек, Фарид Ниязов катуу иштеди. Алты жыл мурунку президент менен иш алып барды. Ошол киши башында туруп иштеп чыккан стратегия ишке ашты. Алмаз Шаршенович ак жолтой болуп алты жыл татынакай иштеп берди. Эми кемчиликтер болду. Башка президенттерге салыштырмалуу качып кетпей, бийликти учуру келгенде өткөрүп берди. Мына ушунда Фариддин ролу чоң. Андан кийин жаңы президентти шайлоо убагында алты ай бою тынымсыз иштеди. Мен алган маалыматтар боюнча, кызы ооруп жүрөт деп угуп калдым. Ошол кызын дарылатып башка өлкөлөргө алып барып, үй-бүлөсүндө дагы маселе жаралып жатса керек да. Ар бир адамда эле көйгөй болот. Сооронбай Шарипович менен иштеше албай калгандан арыз жазган жери жок. Жеке проблемалары менен кетип жатат окшойт. Биз Фарид Ниязовду саясатчы болгонуна карабай, саясатчы катары кабыл албашыбыз керек. Биз аны президенттин аппарат башчысы гана катары көрүшүбүз керек. Аппарат башчы деген президенттин күндөлүк ишмердүүлүгүн ишке ашыра турган гана аппарат башчысы. Фарид жөнөкөй жигит. Четке чыкканды жактырбайт. Бул аябай чоң кадр. Бекеринен Сооронбай Шарипович иштен кетирбей койгон жери жок. Фариддин ордунда башка киши болсо эчак көөп кетмек. Учурда элдин асылганы эле Фарид. Уят, Фарид таза адам, ага асылбаш керек.

Суроо салган Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: