Menu

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту.

Мамлекет башчысы авторлорду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы “легендарлуу парламентте” бекитилгенин белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Туунун авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков жана Ж. Матаев Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: