Menu

Өзбекстанда 19 жыл түрмөдө отурган журналист эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 19 жылдан бери түрмөдө отурган журналист Юсуф Рузимуродов Чирчик шаарындагы абактан бошотулду. Бул тууралуу өзбек укук коргоочусу Исмаил Адилов 2-мартта билдирди.

Анын айтымында, 54 жаштагы Розимуродов абактан 22-февралда коё берилип, учурда өзүнүн кичи мекени – Кашкадарыя облусундагы үйүндө жүрөт.

– 1999-жылы соттолгон журналист мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Туугандарынын айтымында, учурда анын абалы жакшы, – деди укук коргоочу.

1999-жылы Ташкентте болгон жардыруулардан кийин кармалган Юсуф Рузимуродов президентти өлтүрүү, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийин дагы башка айыптар тагылып, камактагы мөөнөтү узартылган.

Журналист камалганга чейин Миришкор районундагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты мугалими, ошондой эле оппозициялык «Эрк» гезитинин кабарчысы болуп иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: