Menu

Мирзиёев чиновниктердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында Сенат мамлекеттик аткаминерлердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салган токтом чыгара турганын билдирди. Анын бул тууралуу айтканы жазылган аудио 2-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түштү.

Болжол менен мамлекет башчынын бул билдирүүсү импорт жана экспорт маселелерине арналган 27-февралда Ташкентте өткөн видеоселектордук жыйын маалында жаздырып алынган. Азырынча Мирзиёевдин бул билдирүүсү тууралуу президенттин басма сөз кызматы дагы, мамлекеттик ММКлар дагы эч кандай маалымат берише элек.

«Эртең токтом чыгат. Аны менен министрлердин, акимдердин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салынат. Чайхана алдынан мамлекеттик номурлуу унаа көрсөм, анын ээсин ошол эле күнү жумуштан кетирип, жазалайм», – деген Мирзиёев аудиожазууда.

Өзбек лидеринин айтымында, ал мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы жемкорлукту жоюу максатында шаан-шөкөттүү үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө жана аларга аткаминерлердин баруусуна тыюу салууга аргасыз болууда.

«Бир дагы чиновник, анын ичинде мен дагы туулган күндөргө, үйлөнүү тойлорго барбайбыз. Мунун баары адамдардын ачуусун келтирүүдө. Мындай салтанаттар жогорку кызматтагы аткаминерлердин катышуусуз өтөт. Премьер-министр орун басарлары менен бирге тойго барууда… Ошол 20 килограмм эттин ордуна кедей адамга жардам берип, үйүн сырдап, сыналгы сатып бергиле», – деген Мирзиёев.

Президенттин айтымында, Сенаттын жаңы токтомунда үйлөнүү тойлорго 150дөн, ал эми таңкы ашка 200дөн көп адам чакырууга тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: