2017-жылы өлкөдө 97 өспүрүм өзүн өзү өлтүргөн: алардын 69у эркек балдар, 28и кыздар экенин басма сөз каражаттарына Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова маалымдаган. «Балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, себептерин тактап, анализдеген учурда суицидге барган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнү, кароосуз калганы аныкталган. Балдардын укугун коргоо боюнча маселени комплекстүү карап, балдар аралашкан баардык козголгон иштерди иликтеп, баяндамабызда ушундай тыянакка келгенбиз» деди Турдумаматова.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ