Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин  күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин  күнү менен куттуктайм!

Өлкөгө жарандардын  конституциялык укуктарын жана эркиндигин ишенимдүү  коргоого жөндөмдүү,  күчтүү, адилет, көз карандысыз жана мыйзамды  бийик туткан  сот бийлиги керек.

Эң жогорку талаптарга жооп берген адилет сот бийлигин түзүү – сот реформасынын башкы стратегиялык максаты.

Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана  принципиалдуу мамиле жасоо сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болуу тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем.

Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры тураарын эч качан эстен чыгарбагыла. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин арттырат.

Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Өлкөбүздө дайыма тынчтык жана биримдик болсун!»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: