Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардык. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүгүнө кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.
— Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзү табиятынан токтоо, адамгерчиликтүү инсан. Парламенттин төрагасы чындыкты айтып, өз позициясын эч кимден тартынбай билдириши керек. Анткени, өлкөдө ал президенттен кийинки экинчи адам. Азыркы парламентте болуп жаткан башаламандык, чечкиндүүлүктүн жоктугу, күнкарама депутаттардын көптүгү, бизнесмен депутаттардын басымдуу болгондугу, контрабандист болуп депутаттын кармалышы, оппозициялык маанайдагы депутаттарга басым көрсөтүлүшү ж.б. ушул сыяктуу көрүнүштөр өлкөбүздүн парламентинин аброюн түшүрдү. Дастан Артисбекович оппозициячыл депутаттардын камалышына, алардын соттолуп жаткандыгы боюнча төрага катары өз сөзүн айтышы керек эле. Өмүрбек Текебаевге, Канатбек Исаевге барып, ал-абалын билип койсо да болмок. Ушуга окшогон иштер боюнча көп адамдар нааразычылыгын билдирип жатышат.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ