Menu

Кош ажалдын тооруганы…

Бөлүшүү:

Кар уламдан-улам күчөп борошолоп, түнөргөн алаамат башталды. Борошонун күчөгөнү Жуманын жүрөгүн кооптондурат. “Эптеп жолдон бир үйгө жетермин” деп жолун уланта берди. Байкоосуздан эле топ карышкыр алдынан чыгат. Жуманын жанын сактап калат дегени жанындагы 10 пачка “Беломорканал” жана ширеңкеси. Бурганак күчөгөндөн күчөп, аты араң басат. Артынан жүргөн карышкырлар тамекини күйгүзүп, соруп, кызыл отун көргөзгөндө бир аз токтоп калышат. Бирөө улуса эле, ал топко улам жаңысы келип кошулат. Кайра эле Жуманын артына келе беришет. Аларды токтотуучу күч жалгыз эле 200 баш “Беломорканалдын” жарыгы. Тамекини соруп, карышкырга каратканда, алар оттон коркуп токтоп калат да, кайрадан эле “эт жейм” деген каалоосу аларды алдыга деп чакырат.

Карышкырлардын саны улам көбөйүп, Жумага жакындай беришти. Айласы кетип, аттын үстүндө эмне болсо ошону ыргытып, алаксыткысы келди. Эң оңою канжыгада байланган куржунду чечип алып ыргытты эле, карышкырлар баса калып тытып киришти. Тамеки чегип, жулунган карышкырларды бир азга токтотту. Бирок, аларды такыр токтотчу нерсе жок. Алар жабылып атка жакындап келгенде, басмайылды кесип, алдындагы көрпөчөнү ыргытты. Аны да тыткылап, тиштерин бир азга алаксытты. Тамеки чегип, күйгөн кызылын көрсөтсө, дагы бир азга жулунгандары басаңдагансыйт.

Тамеки, андан да ширеңке соңуна чыгып баратты. Ошолор толук түгөнүп бүтө электе деп жерге түшүп, аттын ээрин алып, оң үзөңгүсүн чыгарып алып, тамекинин чогун кызартып дагы көргөзүп, атына минип, ээрди өңөрүп алдыга бастырса, тиги бөрүлөр дагы эле жетүүгө аракеттенип, алга умтулушат. Айласы кетип, тиги албууттанган карышкырларды бир аз болсо да токтотоор деген үмүт менен каптырганы, анан ээрди ыргытты. Карышкырлар каптырганы, ээрди топтошуп басып калгандай болду. Оң жагынан бир тоонун карааны бүлбүлдөп көрүнгөнсүдү. Ушул тарапка жакындаганга аракет жасады. Оң колундагы үзөңгүнү сол колуна алып, оң колу менен аттын тердигин, көчүгүн кыйшайтып отуруп сууруп алып, артынан салып-уруп келаткан карышкырларга ыргытса, аны да басып жегенге киришишти. Бирок бул алардын “эт жейм” деген каалоосун канааттандырбады. Эмки тамекини күйгүзөйүн десе, акыркы ширеңкенин кабы эле калыптыр. Тамекини эми күйгүзө албайт. Жуманы өлүм коркунучу муунтуп каптай баштады. Шашылып бастырайын десе, атынын да кубаты кетип, калың карда ылдам баса албайт.

Үзөңгүнү оң колуна кармап, аттан акырын түштү да, сени жешсин да мени калтырар деген ойдо, атты таштап, (чылбырын айгыр жыгардын чийине байлап) тоону көздөй жөө жөнөдү. Терең карда тайгаланып жыгылып, кайра туруп тоону көздөй 15-20 кадамдай шилтегенде эле карышкырлар атты чыңыртып басып калышты. Аттын үнүн уккандан кийин Жуманын жүрөгү дагы дүкүлдөп, алынын жетишинче кадамын тездетти. Тоонун аскасы бар экен, ошого жыгылып-туруп атып эптеп чыгып кетти. Жуманын эми тилегени, кар тезирээк көп жаап, анын изин көөмп койсо экен, карышкырлар аны таппай калсын деген ойдо болду. Кардын жааганын, түндүн сууктугун эч ойлобойт. Бар болгон көңүлү – келген изинде. Жанагы 10-15тей карышкыр эми ага келбесе деген ойдо. Улам убакыттын өтүшү менен изимди кар көөмп сала көр деп тилеп отурду. Үстүнө жааган карларды улам силкип, тебетейин, тонун чечип күбүп кайра кийди. Аны да бир эле жолу күбүдү.  Туруп, күбүнсөм, карышкырлар угуп коёт деген коркунуч күбүтпөдү. Кыймылсыз басып келген изин карап, санаа тартып отуруп, коркконунан үшүгөнүн да баамдабады. Башындагы кыргыз тебетей, үстүндөгү кыргыз сары тон тоңдурбайт деген сезими менен таң атканга жеткенсиди. Бүлбүлдөп жарык нуру төгүлгөн менен каптаган калың туман, жааган кар күндүн көзүн көрсөтпөдү. Күндүн көзү көрүнбөгөнү менен жарыктын нуру өкүм сүрө баштады. Улам кардын жааганы азая баштагансыды. Жел болуп, кара туман суюлса эле таңдын атканы, күндүн көзү көрүнсө эле жерге күн нуру толук жайыла баштамакчы.

Жуманын оюнан баягы карышкырлар дагы эле кетпей, кулагында атынын чаңырыгы турат. Аларды ойлогондо жүрөгү бир болк этип, карышкырлар көрүнөбү же көрүнбөйбү деп көз салса, байкалбайт. Кара туман тарап, бул жерден үйүнө кетмейин, алардан кутулдум деш болбойт.

Тоо башы ылдый сыдырым желдин согуп, тумандын суюлушуна үмүт пайда кыла баштады. Ордунан туруп, айлананы караганга аракеттенсе, бүт денеси анын буйругуна баш ийбейт, айрыкча буттары жана сандары. Бутун кыймылдатайын десе, бут аныкы эместей сезим пайда болду. Анын ал сезими баягы карышкырлардын тобу келе жаткан жокпу деген коркунуч толугу менен ээлеп алды. Элеңдеп төмөн жакты караса жол деле түзүк көрүнбөйт. Анткени жөө туман жерди дагы эле каптап турат. Аргасыздан күндүн чыгышын күтүп, табигатка жалынып отуруудан башка айласы барбы.

Туман суюлуп, жерге жарык жайыла баштады. Бирок күндүн көзү али көрүнө элек. Жараткандын мыйзам ченеми менен жерге күндүн нуру тийип, уюган булуттардан өтүп, тоодон келген сыдырым жел айдагандан тумандар суюлуп, жер жүзү көрүнө баштады. Ошондой эле күндүн көзү көрүнсө, чак түш болгондой сезилди. Жуманын жүрөгүнө жакшы үмүт пайда болуп, айлана-чөйрөгө көз жүгүртө баштады. Айланада как эткен карга, кук эткен кузгун жок. Жакында да, алыста да кыбыраган жандык байкалбайт. Жансыз дүйнөнүн ак кар курчаган океанына түшүп калганын сезе баштады. Ак кар, көк муздун туткунуна кабылып, андан кантип кутулары башын маң кылды. Ал өзү Ак-Сайдын кайсы тоосунда, анын кайсы капчыгайынын коктусунда экенин элестете албады. Аны элестетмек түгүл түнкү борошодон үшүгөнү, буттары кыймылга келбей, ордунан туруп туш тарапка кененирээк көз жүгүртүүгө дарманын келтирбеди. Ошол отурган жеринен айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп, мойнун буруу кыймылы менен чектелген.

Ошентип элеңдеп жатып, алыста 2-3 чакырымдай жерде бир атчан баратканын көрүп, үнүнүн болушунча, “Оо, айланайын тууган, мени алып кете көр” деп кыйкырды. Анын үнү бир суткадан берки сууктан карыгып калгандыктан чыкпадыбы, же алыстыктан тиги адам укпадыбы, айтор, ал атчандан Жумага эч бир кол ирмем же эч кандай кайрылуу болбоду. Ошол атчандан кайтарым болбогон соң, анын жүрөгү эми коркунучтун экинчи толкунуна кабылды.

Капырай, адамдар аз каттаган, жолдон алыс чөйрөгө туш болдумбу? Ордуман туруп баса албасам, бастырып өткөн адамдар болбосо, ушул жерде эле тоңуп өлөмбү? Мындан көрө кечээ эле карышкырларга жем болсом, бүгүнкүдөй күтүүсүз чексиз коркунуч, белгисиздик болбойт беле…

Күн көтөрүлүп, чак түш болоюн деп калды. Айланага көз чаптырса, эч нерсе байкалбагандай сезилип турду. Талаада кыбыр эткен жандык жок. Аңгыча эки чакырым аралыктай жерден эки атчан адам өтүп баратканы көрүндү. Эми дагы жанагыдай укпай калбасын деген коркунуч жүрөгүн каптап, какырынып үнүн жасап, үнүнүн болушунча кыйкырды: “Оо, атчандар! Оо, атчандар, өлүмдөн калган мен байкушка бурула кеткиле? Бурула кеткиле!?”

Эки атчандын бирөө айлана-чөйрөнү карагансып калды. “Ээ, Кудай, үндү укту!” деп сүйүнүп: “Оо, атчандар! Оо, атчандар! Өлүмдөн калган мага кайрыла кеткиле? Кайрыла кеткиле?”

Эми экөө тең ар тарапты карап жатышты. Дагы кыйкырды: “Оо, атчандар! Тоо тарапты көздөй бастыргыла?” деп кыйкырганда бирөө ал отурган жакты көздөй колун сунду.  “Оо, Кудай, оо, айланайындар, келгиле!” деп кыйкырды. Эки атчан аны көздөй бастырганда, байбичеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. Буюрса, бул ак кар туңгуюктан кутулат окшойм. Алардын жетип келиши, мүнөтү саатка, сааты суткага айлангандай созулуп кеткенсиди. Атчандар ал чыгып алган кичинекей асканын алдына келип, “бери түшүп келбейсиңби?” дешкенде, кыймылдайын десе, былк эте албай койду. “Оо, айланайындар, мен кыймылдабайт көрүнөм. Келип жардамдашкылачы?”

Ал экөөнүн жашыраагы, кабелтең келип, “ордуңан тур!” деп колунан тартты эле, кулап алдына жыгылып түштү. “Оо, кокуй!” деп колтугуна кысып, ылдыйды көздөй алып жөнөдү. Аттын жанына келгенде, тургузуп, эки бутуна койду эле, тура албай кулап түштү.

Эки атчан кеңешип, карылуу ат деп улуусунун атынын ээрине боорунан өбөктөтүп жаткырышты да, аттын ээси аны өңөрүп, өзү учкашып алды. Жакын жердеги боз үйгө бурулушту. Аттан түшүрүп, жакын жердеги заставага барып, маданий борборго телефон чалса, борбордогу “тез жардам” машинеси менен дарыгер жетип келип, борборго алып барышып, өтүгүн чечебиз деп аракеттенишип, бирок чече албай коюшат.

— Кесиш керек, кайчы же курч бычак! – деди дарыгер.

— Оо, айланайын, бул өтүктү мурда күнү эле Нарын базарынан жаңы алдым эле, – деди Жума.

— Өтүк керекпи же жан керекпи?

Жума унчукпай, өтүктү кескенге каршы болбой калды. Өтүктү кескенде буту шишип, көгүш тартып кетиптир.

— Муну биз эч нерсе кыла албайбыз. Нарын облустук ооруканага жөнөтөлү, – деп чечишти. Уктасын деп укол беришти да, бир чоң чыны жылуу сүт ичиришти. “Тез жардам” машинасына салып Нарынга алып келишти. Нарындын мен кыйынмын деген хирург дарыгерлери жана облустук бейтапкананын башкы дарыгери Альберт Яковлевич Шуллер да келди. Өмүрүн сакташ үчүн бутун кесиш керек деген чечим кабыл алышты. Жума дарыгерлерге кайрылып: “Оо, айланайындар, бутумду да, жанымды да сактап калгылачы” деп жалынды. Дарыгерлер ойлонолу деп тарап кетишти.

Эртеси эртең менен башкы дарыгер А.Я.Шуллер келип: “Ай, Жума, “Судьба человека” деген кинодогу чалгынчы учкуч Александр Мерезьев дегендин учагын атып түшүргөндө, учактан секирип түшүп качып, токойдун арасында жүрүп, сеникиндей эки бутун үшүтүп, кестирип, ал эр адам жасалма буту менен жөн эле жашап жүрбөстөн, кандай бийлегенин көрдүң беле? Мына ошол Мерезьевдей эле сага жасалма бут кийгизилет. Сен ошол эр жүрөк чалгынчыдай жашай бересиң. Коркпогун, буттан айрылсаң эле баары бүтөт бекен?” деп, баардыгы жакшы болорун айтып кеткенден кийин, Жума айласыз операцияга макул болот.

Андан ары Жума өз сөзүн минтип улады: “Аңгыча эле Ак-Сайдан байбичем Алмакан келди. Ал да ыйлап-сыктап кестирүүгө макул болду. Айрыкча уулум Темирбек безилдеп, “кестирбе, кестирбе ата” деп ыйлап, айламды кетирди. Баарынын каршылыгын, өзүмдүн да каршылыгымды жыйыштырып таштап, жашоо үчүн операцияга макул болдум. Эртең операция деген түнү такыр уктай албадым. Буту жок калсам, кандай жашоо болот? Алда Кудай ай, карышкырга жем болбой келип, азыркыдай кайгы, уйкусуздукка кабылат белем? Дежур хирург дарыгер келип укол сайганда гана бир-эки сааттай уйку болду окшойт. Наркоз деген балээсин берип, эки бутумду тизеден ылдый кесип ташташты. Мына тагдырдын татаал буйругу менен кечээ эле 12 мүчөм түгөл, аман жүргөн мен эки буттан айрылып калдым. Ошондой жашоого көнүш мен үчүн көп кыйноо болду. Нарын облусунун чоңдору кийлигишип, Фрунзедеги адамдын мүчөлөрүнө протез жасоо заводуна жиберип, протез кийип, анан ага көнүп, эки жылча Нарын-Фрунзе (Бишкек) аралыгында барып-келип жүрүп, бутума ылайыктуу протездүү болдум. Эми өз бутумдай эле сезилет. Жашоону улантыш үчүн балдарды багуу үчүн иштөөгө туура келди. Эми баягыдай кой багууга болбой калды. Колхоздун жылкысын багууга туура келди. Жылкыны багасың да, Ак-Сайда кыштап калбайсың, кайра ичке, айылга келип, багууну улантасың. Мына менин абалым ушундай, Токон студент. Беш жылча болуп калды, колхоздун жылкысын багып жүрөбүз.

Бул окуя жаратылыштагы жандуу жырткыч карышкырдан кутулса дагы табигаттын тилсиз душманы Ак-Сайдын 40-45 градустук суугунан эки бутунан ажырап, элдин малын баккан адам жөнүндө.

Токон АЖИМУДИНОВ, физика-математика илиминин кандидаты, профессор, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, СССР эл агартуусунун отличниги, Кыргыз эл агартуусуна эмгек сиңирген кызматкер

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: