Menu

Алмаз Ногойбаев эмнеге кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Темир жол ишканасынын жетекчиси Алмаз Ногойбаевдин коррупцияга кокосунан батып кеткенин көзгө сайып айтты.

Өлкө экономикасынын локомотиви болгон Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын билесиздер, бир кездерде бюджеттин капчыгын толтурган ишканалардын бири болчу, а бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган абалда. Азыр банкроттук абалга кептелип отурат. Ишкана канчалык итке минген сайын, тармакты башкарган жетекчилер башын жерге салып уялгандын ордуна, темир жолду жеке менчик ишканасындай пайдаланып жатат, элге эмес, өздөрүнө. Алмазбек Ногойбаев жетектеген бул ишканадагы коррупциялык үч эле фактыны айтайын.

1) Кыргыз-орус фондунан Кыргыз темир жолу ишканасы 8 миллион 380 миң доллар насыя алып, январдын аягына чейин иштей баштайт де­ген 150 вагон, мына февраль аяктап баратат, бүгүнкү күндө да жүздөн ашууну келе элек. Анын болгону кыркы келди азыр. Анын да онго жакыны талапка жооп бербеген эски тетиктер менен келген. Кырк вагон тең тендердин талабына жооп бербейт. Мына менин колумда башкы инженер Лиличенконун колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле чоң күмөн жаралган. Ошол кооптонуубузду тастыктап, ушул күнгө чейин Жалал- Абадга вагондорду толук жеткизе элек, качан жеткирээри да белгисиз. Келишим боюнча келишимди аткарбаган тарап, 001% штраф төлөш керек болчу. Бүгүнкү күндө ал сумма миллиондорду чапчып кетти. Темир жолдун жетекчилигинин шалаакылыгынын артында казак фирмасына айып пул салына элек. Бул жерде кор­рупциялык макулдашуулар кашкайып көрүнүп турат. Вагондордун баары убагында келгенде канча деген жүктөр ташылып, бюджетке далай акча түшмөк. Бул деген кре­дитке алынган акчалар. Эми жоготулган чыгымдарды ким толуктайт? Бул бир.

2)  Экинчиден, темир жолдун башчысы Ногойбаев жакында Өзбекстандын бизге болгон 1 миллион 849 миң Швейцария франкын, карызын кечип жиберди. Бул деген 137 миллион сомдой каражат болот. Эмне бул каражаттар биздин бюджет үчүн ашыкча болуп калдыбы? Өкмөт балдарга жөлөк пул берели десек акча жок дейсиңер, мектеп куралы, оорукана куралы десе акча жок дейсиңер, мына булар акчаны кандай пайдала­нып жатканын көрүп алгыла.

Ушул эле Ногойбаев баш­карган Кыргыз темир жолу ишканасына тиешелүү жерге Ногойбаевдин өзүнүн кызынын фирмасына үч кабаттуу мейманкана куруп иштетип жатат. Бул мейманкананы Эсеп палатасынын аудиторлору мыйзамсыз курулган деп тапкан. Бирок азыркыга чейин камаарабай иштетип жатат. Мына менин колумда Эсеп палатасынын актысы, кызынын атына катталган документтер турат. Ошол эле маалда кызынын жеке менчик фирмасы темир жолго тиешелүү иштердин баарын аткарып, темир жол болсо жумушсуз отурат”, – деди эл өкүлү.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: