Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Айылдарды таза суу менен жабдуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо үчүн 36 млн. доллар бөлөт.
Долбоордун жалпы наркы – 43 млн. 200 миң доллар. Анын ичинен 11 млн. 900 миң доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн. 500 миң доллар жеңилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат.
Учурда калктын 40% сууну арык, канал, булак, дарыядан алып ичет. Аймактарда мунун айынан жугуштуу ичеги-карын оорулары көбөйүүдө.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ