Түркмөнстанда ун баасынын кымбатташы менен улпакка болгон суроо-талап өстү.
2017-жылы азык-түлүк баасы, анын ичинде ун кымбаттаган. Таңкыстык жана баалардын өсүшүнө бир нече фактор себеп. Биринчиден, буудай түшүмү бир жарым эсеге аз болду, экинчиден, өлкөдө айыл-чарбанын абалы начар. 2017-жылы майда президент расмий түрдө бул көйгөйдүн бар экенин мойнуна алып, айыл-чарбаны тескеген вице-премьерди иштен алган. Буга чейин бийлик унду чет өлкөдөн сатып алып, бир нече жыл анын тартыштыгын сездирген эмес. Бирок мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөп, чет өлкөдөн азык-түлүк сатып алуу кыскарган.
Декабрда ундун баасы эки эсеге кымбаттап кеткен. Буга байланыштуу түркмөн бийлиги февралда калкка унду ашкере камдоого тыюу салып, ашыгын конфискациялап аларын эскерткен.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ