Ленин райондук сотунун судьясы Жоошбеков Алмазбек өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип калганбы ким билсин? Айтор Ленин районунун ИИБнин жетекчиси Мадияр Кулуев түшкөн арыздын негизинде ишти карап бергиле деп, сотко административдик материал жөнөтсө аны кароодон баш тартып, өздөрү эле чечишип алышсын деп артка айдап ийиптир. “Карга карганын көзүн чокубайт” дечү эле, азыр эмне бири-бирин укпай калганбы? Негизи эле акыркы убакта сот тармагынын тарпы чыгып баратат. ИИМ кармайт, соттор бошотот. Не деген заманда жашап жатабыз?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ