Menu

Целлофан баштыктарга тыюу салуу кылдат мамилени талап кылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште целлофан баштыктарды колдонууга тыюу салып, кагаз пакеттерге өтүү маселеси көтөрүлө баштады. Бирок бул маселе боюнча коомдо бир түрдүү көз караш жок. Айрым адистер целлофан пакеттер кагаз пакеттерге караганда арзандыгын жана колдонууга ыңгайлуу экендиктерин белгилешип, тыюу салуу экономикалык жактан майнапсыз экенин айтышууда. Ошол эле кезде тыюу салуу керек деген тараптын экологиялык жүйөлөрү дагы суу кечпейт деген көз караштар арбын. Экологиялык жактан алганда деле, кагаз баштыктардын целлофан баштыктардан дагы зыяны көптүгүн адистер айтып жатышат. Албетте, адистер целлофан баштыктардын бир канча түрү бардыгын, эгер тыюу салуу зарылдыгы болсо сырттан – Кытайдан ташылып келип жаткандарга бөгөт коюу керектигин белгилешет. Анткени дал ушул Кы­тайдан кирип жаткан целлофан баштыктар экологияга жана колдонууга зыяндуу болгондуктан, адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизээри далилденген. Ал эми Кыргызстандын аймагында чыккан желим баштыктардын эч кандай кооптуулугу жок. Андыктан эгер өлкө аймагын­да целлофан баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салынса, анда целлофан баштыктар Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдөн, өзгөчө Кытай мамлекетинен контрабанда жолу менен кирип, соода тармактарын (базарларды) көзөмөлдөө оор болуп калат. Экинчиден, кагаз оромдорунун импорттолуп келгендиктен, баасы 10 эсеге кымбатка туруп, өлкөдөн 10 эсе көп акча сыртка кетет. Ошондой эле кагаз өндүрүшүнүн биринчи этабы полиэтиленге караганда бир топ эсе уулуу болуп саналат. Заманбап кагаздардын курамында өтө көп химикаттар бар. Алар оңой менен жазылбайт, ал гана эмес оңой менен күйбөйт да. Мындай химиялык аралашмалар айлана-чөйрөгө көп зыян алып келет. Үчүнчүдөн, Кыргызстан аймагында желим баштыктарын чыгаруу менен алектенген 20га жакын ишкана бар. Соода агенттерин кошкондо, ар бир ишканада эң аз 15 киши эмгектенет. Желим баштыктарын чыгарууну тыюу салуучу мыйзамдын негизинде жергиликтүү заводдор жабылып, 1000ге чукул киши жумушунан айрылат. Заводдор жабдыктарын эч кимге сата албай калышат. Азыркы иштеп жаткан заводдордун көбү Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенден кийин ишке кирип, колдонулуп жаткан жабдуулар салыштырмалуу жаңы болуп саналат. Демек, тыюу салуудан мурун оң жана терс жактарын тыкыр анализдеп, анан чечим чыгаруу зарыл. Дегенибиз, бир дагы өнүккөн өлкө целлофан баштыктарга тыюу салышкан эмес. Анткени пайдасынан зыяны көп экендиктерин анализдешип чыгышкан. Бул маселени БИО кошулмасыз баштыктарды өндүрүүгө тыюу салуу аркылуу чечсе болот.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: