Menu

Маанай жокто эмне жеш керек?

Бөлүшүү:

Шоколад

Шоколад курамындагы какаонун көп өлчөмү (55%дан жогору) болгондуктан, маанайды көтөрүүчү көптөгөн микроэлементтердин эң жакшы булагы болуп саналат. Бирок көп колдонсоңуз, маанайыңызды көтөрүү менен бирге, салмагыңызды да көтөрүп аласыз. Күнүнө 1-2 бөлүк жетиштүү болот.

Лосось балыгы

Балыктын бул түрү дүйнөнүн бардык жеринде “балыктардын падышасы”катары эсептелинет. Бул балык холестериндин деңгээлин гана көзөмөлдөбөй, биздин маанайыбыздын көтөрүлүшүнө да шарт түзөт.

Банан

Банан жүрөк-кан тамырларды чыңдоо үчүн керек болгон калийдин эң жакшы булагы. Бирок мындан тышкары организмди “бакыт гормондорун” бөлүп чыгарууга мажбурлаган эң негизги “мотор” болуп эсептелет.

Кара нан

Кара нанды адатта диетологдор ашыкча салмактан арылууда сунушташат. Көрсө кара нандын арыктатуудан башка да кызматы бар экен. Бул кандагы глюкозанын деңгээлин бир калыпта сактаганга жардам бергенден тышкары, маанайдын көтөрлүшүнө да жардам берет.

Мөмө-жемиштер

Белгилүү болгондой, мөмө-жемиштер толгон-токой витаминдер менен микроэлементтерге бай. Алар бир гана “бакыт гормонун” иштеп чыгууга жардам бербестен, иммундук системаны да бекемдешет.

Үндүктүн эти же тооктун төш эти

Тигиниси деле, мунусу деле В6 витаминине жана “бакыт гормондорун” иштетип чыгуучу микроэлементтерге бай. Бирок эсиңизде болсун, тооктун этинин кабыгын сыйрып жеш керек. Ошондой эле кууруп эмес, духовкага бышырып же сууга кайнатып пайдалануу сунушталат.

Ашкабактын данеги

Адистер маанайын көтөргүсү келген адамдарга ашкабактын семичкесин чагууну сунушташат. Анткени мында организмде серотониндин иштелип чыгышын шарттаган микроэлементтер камтылган.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: